Ош шаарындагы Сулайман-Тоо борбордук мечитине Кадыр түнгө 18 миңдей адам келди.

Оштун борбордук мечитинде 18 миңдей адам Кадыр түн тосту. Сүрөттөр

751
(жаңыланган 16:49 04.06.2019)
Орозо айындагы касиеттүү түн өлкөнүн экинчи борборундагы 76 мечитте өттү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" борбордук мечитине Кадыр түнгө 18 миңдей адам келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Шаардык казыяттын маалыматына ылайык, чогулган мусулмандар кечинде ооз ачып, таң атканча мечитте куран, 30 рекет намаз окушту.

  • В Центральной мечети Оша Кадыр тун (Ночь предопределения) встретили более 15 тысяч человек
    Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" борбордук мечитине Кадыр түнгө 18 миңдей адам келди.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова

    Быйыл Кыргызстанда Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленди.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • В Центральной мечети Оша Кадыр тун (Ночь предопределения) встретили более 15 тысяч человек
    Касиеттүү түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнгө туура келет.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • В Центральной мечети Оша Кадыр тун (Ночь предопределения) встретили более 15 тысяч человек
    Ислам дининде бул түнү ыйык Куран китеби түшүрүлгөн делет.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • В Центральной мечети Оша Кадыр тун (Ночь предопределения) встретили более 15 тысяч человек
    Ал түндө ибадат кылуу 1000 айга барабар.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 6
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" борбордук мечитине Кадыр түнгө 18 миңдей адам келди.

Быйыл Кыргызстанда Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленди. Касиеттүү түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнгө туура келет.

Ислам дининде бул түнү ыйык Куран китеби түшүрүлгөн делет. Ал түндө ибадат кылуу 1000 айга барабар. Эгер адам бул түнү мусулманчылыктын шарттары менен уктабай өткөрсө, 83 жыл ибадат кылгандай сооп алат.

Ал эми Орозо айт быйыл Кыргызстанда 5-июнда болот.

751
Белгилер:
Орозо ыйык айы, Кадыр түн, Ош, Кыргызстан
Тема:
Орозо – 2019 (31)
Тема боюнча
Орозо айт качан болору белгилүү болду
Битир-садаганы мечиттен сырткары кайда берсе болот? Муфтияттан жооп