Кол кармашкан түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Үйлөнөрүм менен көңүлдөш таап, кол үзө албай жүрөм. Эркектин каты

13273
(жаңыланган 13:31 01.06.2019)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында эки аялды бирдей сүйгөн эркектин каты жарыяланды.

...Үй-бүлөлүүмүн, бир кыз, бир уулум бар. Аялым экөөбүз ынтымактуубуз. Аны жакшы көрөм, сыйлайм, баалайм. Бирок ал менин жашоомдо жалгыз аял эмес. Жубайыма баш кошуп, бир балалуу болгондо жумуш аркылуу бир кыз менен таанышып калдым. Ал дагы жаңы эле түтүн булатып, бир кыздуу болгон кези экен. Экөөбүз бир тармакта иштегендиктен, улам көрүшүп жүрүп, бат эле аны жактырып калдым. Башында, албетте, баарын жашырганга аракет кылдым. Анткени экөөбүз тең үй-бүлөлүү болсок... Анүстүнө ал жолдошун сүйүп турмушка чыкканы билинип эле турат. Бактылуу, телегейи тегиздей көрүнөт.

Күндөрдүн биринде чет өлкөгө командировкага чогуу чыгып калдык. Ал жактан жанында көбүрөөк болуп, сүйлөшүп, ал жөнүндө көп нерсе билдим. Кыргызстанга келгенден кийин баары өзгөрдү. Кечке ал жөнүндө ойлоном, болор-болбос шылтоо менен СМС жаза берип, акыры көп сүйлөшчү болдук. Бир күнү түшкү тамакка чакырып, биртопко сүйлөшүп отурдук. Андан кийин бат-баттан көрүшүп жүрүп, акыры мамиле куруп алдык.

Бирок экөөбүз тең акылыбызга келип, "мындай кылганыбыз болбойт, токтотолу" деп бир чечимге келип кол үзүшкөнбүз. Ошол эле учурда мен жөн жүрө албай анын социалдык тармактардагы баракчаларын, сүрөттөрүн карай берчүмүн. Кыскасы, эки жыл өтсө дагы аны жашоомдон толугу менен чийип салууга алым жеткен жок.

Бир күнү жумушка шашып бара жатып, суу алып алайын деп дүкөнгө кире калсам баягы "таанышым" турат. Сүрдөгөнүмөн көзүн карай албай башка катарга өтүп кеттим. Бирок өзүмдү колго алдым да жанына басып барып учураштым...

Ошондон бери беш жыл өттү, экөөбүз дагы деле чогуубуз. Ортодон бир жолу ажырашууга аракет кылып, аныбыздан майнап чыккан жок.

Азыр мага жашоомдо эки аялдын болгону кадимкидей эле көрүнүш болуп калды. Аны менен кол үзүшсөм, мыйзамдуу аялым менен ажырашкандай кыйналчудай сезиле берет.

Өзүмдүн аялымдын андан эч айырмасы жок. Жаштары тең, экөө тең чырайлуу, экиден баланын энеси. Бирок мени эмнеге ага тарта берет? Жолукканда кадимкидей энергия алам. Мүнөзү жакшы, мен каалаган темада ээн-эркин сүйлөшө алат, тамашакөй, мени айттырбай түшүнөт. Көпкө көрбөй калганда, кадимкидей башым жакшы иштебей калат.

Дагы бир кызыгы, кээде үйдө отурганда, келинчегимдин жумуш кылып жаткандарын карап отуруп, ордунда ал болсо кандай болот эле деп элестете берем.

Психологго мындай суроо менен кайрылгым келет, бул мамиле канча убакытка созулушу мүмкүн? Эмнеге ансыз жашай албай калдым?

Саадат Сыдыкова, психолог:

--Бул жигит менен келиндин мамилесине "туура эмес" же "туура" деп баа берүүдөн алысмын. Болгону адис катары, экөөнүн жан дүйнөсүнө үңүлүүгө аракет кылып көрөйүн. Экөөнүн тең үй-бүлөсү, балдары, үй-жайы бар экен. Ал жакта кадимки турмуш өтүп жатыптыр. Бирок экөө тең өз үй-бүлөсүндө жетишээрлик бактылуу эмес. Ошондуктан мыйзамдуу түгөйүнөн ала албаган нерселерди бири-биринен таап, бири-бири менен бактылуу болуп жүрөт.

Каттын автору келинди өз жубайынын ордунда элестеткени — балким, аны менен баш кошсом бактылуу болом деп ойлогону болсо керек. Бирок ал келинге үйлөнсө эле бактылуу боло калат деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени адам жашоодо, негизи эле бактылуу болуу үчүн алгач өз алдынча бактылуу болушу керек. Ошондо гана башка бирөө менен ырахаттанып, жашоонун жыргалын сезип жашай алат.

Муну менен айтайын дегеним, бул жигит бактылуулукту ал келинден эмес, өзүнүн жан дүйнөсүнөн издеп көрсүн. Жан дүйнөдө гармония болмоюнча бактылуу болуу татаал.

13273
Белгилер:
психолог, үй-бүлө, келин, жигит
Тема:
Психолог менен баарлашуу (140)
Тема боюнча
Кайним үйлөнөлү деп айламды кетирди... Эки анжы ойдо жүргөн келиндин каты
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусу

Манас, Абай, Айтматовдун эстеликтери тургузулат. Жапаров менен Токаевдин билдирүүсү

24
(жаңыланган 14:25 02.03.2021)
Эки президент Кыргызстан менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган юбилейлик иш-чаралар маанилүү экендигин белгилешкен.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Бул тууралуу өлкө президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Төмөндө билдирүүнүн тексти:

Кыргыз-казак достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелерин тең укуктуулуктун, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, урматтоонун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү бекемдөө багыты бузулбас экендигин тастыкташат.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууну биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди динамикалуу өнүктүрүү үчүн жигердүү саясий диалогдун маанилүүлүгүн таанып, эң жогорку, жогорку жана башка деңгээлдердеги ишеним көрсөтүү жана конструктивдүү байланыштарды андан ары кеңейтүүнү колдошот.

Уланып жаткан пандемия шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүү экендигин белгилешти. Бул контекстте колдоого жана жардам көрсөтүүгө, анын ичинде гуманитардык мүнөздөгү жардамга жана көмөк көрсөтүүгө даяр болгондугу үчүн кыргыз тарап Казакстанга ыраазычылык билдирди.

Эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарыл экендигин таануу менен тараптардын мамлекеттеринин аймактары боюнча жарандардын жана транспорт каражаттарынын эркин жүрүүсү жана транзит менен өтүүсү үчүн макулдашылган чараларды көрүүнүн маанилүү экендигин баса белгилешет.

Соода-экономикалык кызматташуу, товарлар менен өз ара соода кылуунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түзүмүн диверсификациялоо жана өсүшүн камсыздоо жаатындагы эки тараптуу мамилелерди андан ары кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ экендигин ырасташат.

Өнөр жайдагы, гидроэнергетикадагы, отун-энергетика комплексиндеги, жер казынасын пайдалануудагы, айыл чарбасындагы, кайра иштетүү секторундагы, логистика чөйрөсүндөгү, жол-транспорт инфратүзүмүндөгү жана банк чөйрөсүндөгү кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иштиктүү байланыштарды ар тараптуу кеңейтүү зарылдыгын белгилешет.

Инвестиция тартууну жана аларды мамлекеттик деңгээлде коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет. Тараптар өз ара инвестицияларды ар тараптуу колдоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча чара көрүү ниетин билдиришти.

Кыргызстан Казакстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги төрагалыгында белгилеген артыкчылыктарды колдой тургандыгын билдирди. Бул контекстте Тараптар евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында, анын ичинде потенциалды толук көлөмдө ачууга, тоскоолдуксуз, алып коюусуз жана чектөөсүз капиталдын, эмгектин, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачууга, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, өнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана башка багыттарда чараларды иштеп чыгууда бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруунун маанилүү экендигин белгилешет.

Мамлекеттердин транспорттук-транзиттик потенциалын андан ары өнүктүрүү, ошондой эле санариптештирүү жана маалымат алмашуу, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Чек ара кызматташтыгынын потенциалын ачуу максатында тараптар Биринчи региондор аралык кыргыз-казак форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташат.

Өкмөттөргө бирдиктүү экономикалык мейкиндик шарттарында Кыргызстан менен Казакстандын аймактары аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экологиялык жана энергетикалык коопсуздугу жана суу-энергетика ресурстарын стратегиялык өнөктөштүктүн, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, ынак коңшулуктун, тең укуктуулуктун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү пайдалануу боюнча конструктивдүү кызматташууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Региондук кооперациянын актуалдуу маселелери боюнча позициялардын окшоштугун жана Борбордук Азияда ишеним көрсөтүү, туруктуулук жана коопсуздук атмосферасын бекемдөөгө эки тараптын умтула тургандыгын ырасташат.

Ички региондук кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө беш тараптуу өз ара аракеттенүүнү жигерлетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзгөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматын андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маанисин өзгөчө белгилешти. Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруусуна жараша 2021-жылы Кыргызстанда боло турган кезектеги Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар БУУ, ЕККУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ, ТТКК, ИКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы конструктивдүү диалогду улантуу зарыл деген бир пикирди карманышат.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним көрсөтүү боюнча кеңешменин (АӨИКК) потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде аны эл аралык уюмга өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бекем ниетин билдиришти, эки мамлекет тең координатор болгон АӨИККтин Адамдык өлчөөсүн өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө түрткү бере турган 2021-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү пландалып жаткан Европа биримдиги — Борбордук Азия биринчи экономикалык форумунун маанилүүлүгүн белгилешет.

Эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдердеги башка эл аралык коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүү маселелеринде биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Эки элдин маданий-тарыхый жана тилдик жалпылыгын эске алуу менен илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, туризм, спорт жана башка тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө умтулгандыгын тастыкташат. Тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууну улантууну көздөшөт.

Кыргызстан менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган алдыдагы юбилейлик иш-чаралар маанилүү экендигин белгилешти.

Биргелешкен телекөрсөтүү долбоорлорун, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө, жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана илгерилетүү максатындагы аракеттерди консолидациялоого даярдыгын билдиришти.

Нур-Султан шаарында Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин, ошондой эле Бишкек шаарында Абай Кунанбаевдин эстелигин орнотуу жөнүндө макулдашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар болуп өткөн үзүрлүү сүйлөшүүлөр жана иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу документтер Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди андан ары бекемдөөгө түрткү бере тургандыгын, ошондой эле жетишилген макулдашууларды талаптагыдай ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл казак элине көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Казакстандын башчысын ага ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Токаев чакырууну ыраазычылык менен кабыл алган. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

24
Белгилер:
билдирүү, жолугушуу, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Казакстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү
Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт
Дары-дармек склады. Архив

Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган

23
(жаңыланган 13:59 02.03.2021)
Көзөмөл органы текшерүү учурунда министрликте дары-дармек сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда мамлекеттин казынасына 3 миллион 500 миң сом зыян алып келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл органы текшерүү учурунда министрликте дарыларды сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

"Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын эсебинен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн алкагында башка дары-дармектер менен катар лопинавир/ритонавир препаратын сатып алганы аныкталды. Кийинчерээк ал банк тарабынан баалоо баскычында сатылып алынган дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.

Бирок буга карабастан, министрлик чукул зарылчылыктан улам 2020-жылдын 13-апрелинде республикалык бюджеттин эсебинен "М" ЖЧКсы ишканасынан жалпы баасы 3,5 миллион сомго калидавир (аналогдук) дарысын түз сатып алган. Препарат ошол боюнча кампада турат, эч бир ооруканаларга бөлүштүрүлгөн эмес.

Учурда убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык, лопинавир/ритонавир дарылоодо колдонуудан чыгарылган.

Аталган министрликтин жетекчилиги жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 3,5 миллион сомдук бюджеттик каражат негизсиз пайдаланылып, калидавир дарысы алынган. Муну менен казынага ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ишти ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн текшерүүнүн материалдары Башкы прокуратуранын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

23
Белгилер:
текшерүү, мыйзам бузуулар, мамлекеттик сатып алуу, дары, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Финпол салыктан качкан Beeline компаниясынан 112 млн. сом өндүрдү
Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду

Министрликтер тыгыз кызматташат. Жапаров Казакстанда кол койгон документтер

0
(жаңыланган 14:43 02.03.2021)
Эки өлкөнүн улуттук спорттун түрлөрүн, элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга жана башка документтерге кол коюлду.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кол коюлган документтер:

  • эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • 2021-жылга карата эки мамлекеттин Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чараларынын планы;
  • 2021-2022-жылдарга карата өлкөнүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен коңшу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;
  • 2021-2022-жылдарга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;
  • Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстандын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.
0
Белгилер:
кызматташтык, документ, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү
Манас, Абай, Айтматовдун эстеликтери тургузулат. Жапаров менен Токаевдин билдирүүсү