Окумуштуулар кара моюлдун пайдасын айтып беришти

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСбор черники в лесу в Новгородской области
Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 50 жаштан 75 жашка чейинки курактагы 138 адам катышкан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Адам күнүнө 150 грамм кара моюл (черника — ред.) жеп турса, жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуусунун тобокелчилиги 15 пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Күлүп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кишинин эмоциясы анын жашоосунун узактыгына таасир берет
Маалыматка ылайык, Чыгыш Англия жана Гарвард университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзгөн. Ага 50дөн 75 жашка чейинки курактагы ашыкча салмак жана метаболизм системасынын көйгөйлөрү менен жабыркаган 138 адам катышкан. Алар атайын үч топко бөлүнүп, биринчиси күн сайын 150 грамм кара моюл жесе, экинчиси анын жарымын пайдаланган. Ал эми үчүнчүсү аны такыр колдонгон эмес.

Жарым жылга созулган эксперименттин жыйынтыгы боюнча, биринчи топко кирген адамдардын кан айлануусу, жүрөгү менен кан тамырларынын абалы жакшыргандыгы байкалган. Ошондой эле түрдүү илдеттердин өрчүүсүнүн тобокелчилиги 12-15 пайызга төмөндөгөн.

Андан сырткары, кара моюл пайдалангандардын кан басымы жакшырып, кандагы кант азайып, арыктаганга көмөктөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0