Интернетте отуруп эле миллион таптым. Жаш ишкер Бакыт Алымжан уулунун маеги

Жазылуу
Бакыт Алымжан уулу ишкерлик чөйрөгө 17 жашында аралашкан. Официанттар агенттигин иштетип, кафе-ресторандардын мобилдик тиркемесин иштеп чыккан студент учурда алты адамдан турган чакан компанияны жетектейт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаш ишкер менен маектешип, ийгилик сырларына собол салды.

— Бакыт, ишкерлик чөйрөгө эрте эле аралашыптырсыз. Алгачкы жумушуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

— 9-классты аяктагандан кийин бир жылдык колледжге тапшырдым. Ал жакты бүтүргөндөн кийин Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш факультетинде окудум. Атам дайыма "Жакшы окусаң чоң компанияларды башкарасың" деп айта берчү. Ошол себептен мектепти кызыл күбөлүк менен бүтүрүп, университеттен да активдүү болуп группанын старостасы, факультеттин президенти болдум.

Ата-энеме жүк болбоюн деп 14 жашымда түнкү клубдарда официант болуп иштей баштагам. Ал тармактын ишин өздөштүрүп алгандан кийин банкет залдарда официант жетишпей калган көйгөй көрүндү. Анын үстүнө тойлорду тейлеген официант балдар эки күндүн биринде эле "Бала жетпей жатат, келип иштеп кетпейсиңби" деп чала берчү. Ошентип чакан бир ишкерлик баштап көрүүнү чечтим.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Бакыт Алымжан уулу: ата-энеме жүк болбоюн деп 14 жашымда иштей баштадым.
Интернетте отуруп эле миллион таптым. Жаш ишкер Бакыт Алымжан уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Бакыт Алымжан уулу: ата-энеме жүк болбоюн деп 14 жашымда иштей баштадым.

— Эмне иш эле?

— Официанттар агенттиги. Той-аш болгондо банкет залдарда официант жетишпей калса, биз чакыруу менен бара калчубуз. Ойду ишке ашыруу үчүн 40ка чукул адам чогултуп, билбегендерге үйрөтүп чакан команда түзүлдү. Бишкек боюнча 80дей кафе-ресторан менен сүйлөшүп аларга өзүбүздүн визиттик карталарыбызды таштап койдук. Жаңы иштеп баштаганда үч күндөй жумуш жок болду. Төртүнчү күнү калаадагы ресторандардын бири "официанттар жетпей жатат" деп чакырып калды. Ошентип ишибиз төртүнчү күнү башталган.

— Командадагы балдардын баары студенттер беле?

— Жок, графиги ыңгайлуу болгондуктан, балалуу эжелер дагы иштечү.

— Бул тармакта атаандаштык баары бир күчтүү болсо керек, киреше жакшы эле түшчү беле?

Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек
— Жумушту жаңы баштаганда кызматыбызды 80дей банкет залга сунуштадык. Бирок анын баары чакырчу эмес, 15инен гана дайыма буйрутма алып турчубуз. Киреше көп деле болгон жок. Анткени бул жумуш мезгилге жараша да. Күз, жай мезгилдеринде жакшы болуп, кышкысын, жазында токтоп калаар эле. Ар бир жиберген официанттан өзүбүзгө 250 сом түшчү. Мисалы, бир күндө 10 официант жиберсек, 2500 сому бизде калчу.

Официанттар агенттигин иштетип жатып, калаа тургундары кафе-ресторан издеп кыйналганын байкадым. Мындан улам Бишкектеги кафе-ресторан, тамактануучу жайлардын баарын бир мобилдик тиркемеге киргизүүнү ойлодум. Башкача айтканда, ким кафе-ресторан карайм десе, ошол тиркемеге кирет да, каалаган тамактануучу жайын тандап, ал жактан орун ээлеп койсо болот. Идеямды ишке ашыруу үчүн IT адистерди чогултуп, 3000 долларга чукул инвестиция тарттым. 9 айдын ичинде бардык ресторандар менен тиркемеге кошуу тууралуу сүйлөшүп чыктык. Бирок аны толугу менен иштеп чыгып, жайылтыш үчүн абдан көп каражат, ресурс жана күчтүү команда керек экенин түшүндүм. Башында бир IT тиркемени жасатууга буйрутма бере койсок начар жасап коюптур, андан кийин өзүнчө команда чогултууга туура келди. 3000 доллар бул тиркемени толугу менен иштеп, жайылтууга жетпей калды. Киреше көргөн жокпуз, тескерисинче, чыгаша болдук. Ошол себептен бул ишимди убактылуу токтотуп койдум. Бирок келечекте азыркы иштеримди улантып, бутка турган ишкер болуп калсам, IT жаатында ушуга окшогон инновациялык долбоолорду ишке ашырам деген ойдомун.

© Фото / Кристина ФилатоваЖаш ишкер: жумушту жаңы баштаганда кызматыбызды 80дей банкет залга сунуштадык. Бирок анын баары чакырчу эмес, 15инен гана дайыма буйрутма алып турчубуз.
Интернетте отуруп эле миллион таптым. Жаш ишкер Бакыт Алымжан уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Жаш ишкер: жумушту жаңы баштаганда кызматыбызды 80дей банкет залга сунуштадык. Бирок анын баары чакырчу эмес, 15инен гана дайыма буйрутма алып турчубуз.

— Азыр башка бир иш менен алектенем деп калдыңыз. Эмне болгон жумуш?

— Жарым жыл мурун SMM адистердин агенттигин ачкам. Учурда ал жакта 6 адам иштейт. Командабыз буйрутма алып ар кандай компанияларды социалдык тармакта жарнамалап, сатуу иштери менен алектенбиз. Жаңы баштаганда сулуулук салондору сыяктуу анча чоң эмес ишкерлик кылгандар кайрылчу. Азыр, кудайга шүгүр, бир айлык кирешеси миллиондон ашык компаниялар менен иштеше баштадык. Ал компаниянын сайтынан тарта баракчасынан бери жасалгалап, кардарларга жарнамалайбыз. Биздин командада тажрыйбалуу фотограф, дизайнер, текст жазган адам, торгетолог — баары бар.

— SMM адистерге азыр суроо-талап да көбөйө баштабадыбы.

Ишкек Бактыгүл Аскералиева - Sputnik Кыргызстан
Миллиондор айланган бизнес түптөдүм. Сейрек кесип ээси Бактыгүлдүн ийгилиги
— Бир жылга жакын убакытта рынок боюнча 40тай компанияны социалдык тармакта жарнама кылып бердик. Анын ичинде авиакомпаниялар, Түркияга жумушка орноштуруу компаниялары, тамактануучу жайлар, сулуулук салондору жана башкалар менен иштештик. Булардын баары менен атайын бир мөөнөткө келишим түзүп алабыз дагы ошол аралыкта соцтармактагы жазылуучуларынын санын көбөйтүп, продукциясын сатууга көмөк көрсөтөбүз. Негизи телевидение же көчөгө жарнама илип койгондон көрө азыр элдин баары соцтармакта отургандыктан, бул чөйрөдө жарнама кылуу арзан жана эффективдүү. Буга чейин бир эт саткан компания менен иштешип калдык. Алар мурда көрнөк-жарнак илдирип, телевидениеге кайрылчу экен. Бирок эт бул азык-түлүк болгондуктан кардарлар көбүнчө кайдан алып келинет, санитариясы кандай экендигине кызыгат. Ошол себептен биздин блогерлер компанияны жарнама кылганда атайын цехине чейин барып, кандай шартта чыгарын көрсөтүп жаттык. Мындай жол менен кардарды ынандыруу жеңил.

© Фото / Кристина ФилатоваБакыт Алымжан уулу: Жарым жыл мурун SMM адистердин агенттигин ачкам. Учурда ал жакта 6 адам иштейт. Командабыз буйрутма алып ар кандай компанияларды социалдык тармакта жарнамалап, сатуу иштери менен алектенбиз.
Интернетте отуруп эле миллион таптым. Жаш ишкер Бакыт Алымжан уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Алымжан уулу: Жарым жыл мурун SMM адистердин агенттигин ачкам. Учурда ал жакта 6 адам иштейт. Командабыз буйрутма алып ар кандай компанияларды социалдык тармакта жарнамалап, сатуу иштери менен алектенбиз.

— "Менин баракчама жазылгандардын санын көбөйтүп бер же жарнама кылып бергиле" деп саясатчы, шоу-бизнес өкүлдөрү да кайрылабы?

— Ооба, кайрылат. Буга чейин эки саясатчы менен иштештик, аттарын атабай эле коеюн. Алар менен атайын бир убакытка чейин келишим түзүлөт, келишимдин негизинде анын баракчасына иштеп беребиз. Бирок саясатчылардын көбү социалдык медианы жакшы түшүнө бербейт. Жеке бренд үчүн иштегенди билишпейт. Жеке брендге иштеш үчүн сапаттуу төрт-беш сүрөткө түшүп коюу жетишсиз. Күн сайын эмне иш кылып жатканын телефонго тартып турушу керек. Антпесе байкалбай калат. Шоу-бизнес өкүлдөрү менен көп деле иштешпейбиз.

— Бул жумуштан өзүңүзгө жакшы эле түшөбү, жылдык кирешеңер канча?

— Өткөн жылкы киреше 3 миллионго жакындаган. Бул жылы андан дагы көбөйтөлү деп жатабыз.

— Кызматкерлердин айлыгы канча?

— 20-25 миң сомдон. Буюрса бул жылы кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү менен жумуштун сапатын жакшыратайын деген оюм бар.

— Бакыт, сиз азыр деле студентсиз да?

— Быйыл Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш факультетин аяктап жатам.

— Журналистика жаатында билим алсаңыз, бизнеске болгон кызыгуу кайдан пайда болду же ата-энеңиз ушул чөйрөдөгү адамдарбы?

Кыргызстанец работающий режиссером и продюсером в Кувейте Алтынбек Касымбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек
— Жок, ата-энем такыр эле башка чөйрөнүн кишилери. Тагыраагы, атам гезиттердин биринде журналист, апам болсо педагог. Беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Улуу агам 9-классты бүткөндө эле өзүн-өзү камсыз кылып официант болуп иштеди. Ал кезде мен 6-класста болчумун. Агамды көрүп "мен да окуумду бүтсөм иштейм" деп ойлой берчүмүн. Жогоруда айткандай, 14 жаштан тарта иштеп баштадым.

Бизнеске болгон кызыгуума дагы бир теңтуш балам таасир эткен десем болот. Колледжде окуп жүргөндө каникулга чыгардын алдында анын жазган пландарын окуп калдым.

Анда ал "Жалал-Абадга барып тир ачам. Ар бир окту 3 сомдон сатып, вагон, мылтык алып бир айда 40 миңден ашык акча табам" деп жазыптыр. Анын планын окуп "официант болуп бекер эле иштеп жүргөн турбаймынбы" деп аны менен кошулуп план түзгөндү үйрөнүп, ишкерлик чөйрөгө кызыга баштадым. Ал баланын ата-энеси ишкер адамдар болчу.

Журналистикага деле бекер тапшырган эмесмин. Биздин факультетте коомчулук менен байланыш, жарнама деген да бөлүмдөрү бар. Мен ошол жарнама жагында окуйм. Жарнама аркылуу деле ишкерлик кылып, акча тапса болоруна көзүм жеткен.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер: максатым — азыр иштетип жаткан жумушумду мындан да жакшыртуу. Өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер менен иштешип, жылдык кирешебизди көбөйтүү. Негизи биз жумушка жогорку билими бар, кошумча башка жерде жумушу жок адамдарды алабыз.
Интернетте отуруп эле миллион таптым. Жаш ишкер Бакыт Алымжан уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: максатым — азыр иштетип жаткан жумушумду мындан да жакшыртуу. Өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер менен иштешип, жылдык кирешебизди көбөйтүү. Негизи биз жумушка жогорку билими бар, кошумча башка жерде жумушу жок адамдарды алабыз.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Азыр иштетип жаткан жумушумду мындан да жакшыртуу. Өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер менен иштешип, жылдык кирешебизди көбөйтүү. Негизи биз жумушка жогорку билими бар, кошумча башка жерде жумушу жок адамдарды алабыз.

Азыр мен өзүмдү ар тармактан издеп, сынап жатам.

Баса, биздин дагы бир чакан ишибиз бар. Окуу жылына чукулдаганда дос балам экөөбүз интернет аркылуу кеңсе товарларын базардан дүңүнөн алып, интернет аркылуу сатабыз, буйрутма бергендерге жеткирип беребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0