Миллиондоп киреше таап, "көчөдө жашап"... Бишкек акимдеринин олку-солку байлыгы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин акимдеринин ичинен эң эле мусапыры Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев экен. Ал бир да мал-мүлккө ээлик кылбайт, жаандан корголоочу алачыгы да жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет төрт районду камтыган борбор калаадагы акимдердин мал-мүлкүнө көз жүгүрттүк.

Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда район башчысынын өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлкү жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Ленин району

© Sputnik / Табылды КадырбековЛенин районунун акими Нурдин Тынаев
Миллиондоп киреше таап, көчөдө жашап... Бишкек акимдеринин олку-солку байлыгы - Sputnik Кыргызстан
Ленин районунун акими Нурдин Тынаев

Нурдин Тынаев Ленин районуна аким болуп 2016-жылдын апрелинде дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык мэриянын аппаратын жетектеп турган. Аким бир жылда 500 миң сом киреше тапкан. Андан башка бир дагы мал-мүлккө ээ эмес. Элге окшоп автоунаа деле айдабайт экен, "үңкүр да болсо үйүм бар" дегидей турак жайы да жок. Жакын туугандарына да жазылган эч нерсе жок.

Тынаев декларациясына негизги кирешесинен сырткары эч нерсе жазган эмес. Демек ал ижарага батир алып, үй-бүлөсүн 41 600 сомдук (500 миң сомду 12 айга бөлгөндө ушунча чыгат) маянасы менен гана багат деп түшүнүүгө болот.

Октябрь району

© Sputnik / Эркин АлымбековОктябрь районунун акими Ренат Айтымбетов
Миллиондоп киреше таап, көчөдө жашап... Бишкек акимдеринин олку-солку байлыгы - Sputnik Кыргызстан
Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов

Ренат Айтымбетов 2017-жылдын 4-сентябрында Октябрь районуна аким болуп дайындалган. Ушул жылдын март айында акимдиктен кетип, Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчылыгына барган.

Айтымбетовдун жылдык кирешеси 660 миң сомду түзөт. Toyota Ipsum үлгүсүндөгү автоунаа айдайт. Декларация кагазынын калган бөлүгүн актай бойдон калтырган. Жакын туугандары да киреше таппайт жана эч кандай мал-мүлккө ээлик кылбайт. Мындан улам бул аким да көчөдө жашайбы деген суроо туулат. Документте турак жайы, мал-жаны жок экенин көрсөткөн.

Свердлов району

© Sputnik / Табылды КадырбековСвердлов районунун акими Самарбек Болотбеков
Миллиондоп киреше таап, көчөдө жашап... Бишкек акимдеринин олку-солку байлыгы - Sputnik Кыргызстан
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков

Самарбек Болотбеков Свердлов районун 2016-жылдын июль айынан үстүбүздөгү жылдын январына чейин башкарган. Жылдык кирешеси 404 миң сомду түзөт.

Бодо малынын баасы 1 миллион 300 миң сомго жетет. Мындан сырткары, 300 миң сомдук майда жандык (кой, эчки) багат. 60-70 миң сомдук турмуш-тиричилик буюмдары бар экенин жазган. Үйгө керектелчү буюм-тайымдарын жазганы менен жеке өзү үйгө жана автоунаага ээлик кылбайт. Ал эми жакын туугандарынын 48 чарчы метрлик болжолдуу түрдө бир бөлмөлүү батири бар.

Биринчи Май району

© Sputnik / Эркин СадыковБиринчи Май районунун акими Токтосун Султанов
Миллиондоп киреше таап, көчөдө жашап... Бишкек акимдеринин олку-солку байлыгы - Sputnik Кыргызстан
Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов

Токтосун Султанов Биринчи Май районун 2017-жылдын ноябрь айынан бери башкарып келет. Ага чейин төрт жыл Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеген. Документке карап айтканда, Султанов Бишкектин башка акимдерине салыштырмалуу көбүрөөк акча табат. Жылдык кирешеси 1 миллион 303 миң сом. Ошол эле учурда чыгашасы 1 миллион 200 миң сом. Бир аз жер тилкелерге ээлик кылат. Аянты 171 чарчы метрлик адам жашоого ылайыкталган имараты бар. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа айдайт. Бирок жакын туугандары бир дагы мүлккө ээ эмес. Алардын киреше булагы да жок экен.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Баса, Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы Дамир Мусакеевге жана мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге ушул берене боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Кечээ жакында эле Зилалиевдин иши сотко өттү.

Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0