Өлкөгө мыйзамсыз товар ташыгандарды көргөндөр үчүн тынымсыз байланыш ишке кирди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WhatsApp-каналына жарандар күнү-түнү билдирүүлөрдү жибере алышат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына товарларды жана күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташыган фактыларга күбө болгон жарандар үчүн тынымсыз байланыш ачты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Жарандар (0312) 61-31-89 ишеним номерине же 0779 61-31-89 WhatsApp номерине маалымат жибере алышат.

"Жарандар кыргыз-казак чек арасында товарларды же күйүүчү-майлоочу каражаттарды өткөрүүдө мыйзам бузуулар болсо тынымсыз байланыш номери аркылуу кабарласа болот. Мекеме кызматкерлери кайрылууларды саат 9.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат. Саат 12.30дан 13.30га чейин түшкү тыныгуу. Жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрү чалуулар автожаздыргыч аркылуу кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми WhatsApp-каналына жарандар күнү-түнү билдирүүлөрдү жибере алышат.

Салык төлөөчүлөр салык салуу жана салык кызматынын ишиндеги башка бардык маселелер боюнча жергиликтүү салык органдарына же Салык кызматынын маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0