Айт намаз кайда качан окулат? Программа

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке
Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык намазга карата Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрү да жабылат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Орозо айт намазы 5-июнда эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, баяндар таңкы саат 06:00дөн тарта айтыла баштайт.

"Айт намаз учурунда дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат", — деп жазылат билдирүүдө.

Айт намаздын программасы:

  • 06:00 — 07:00 — дин аалымдарынын баяндары;
  • 07:00 — 07:20 — Азирети муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:20 — 07:30 — өкмөттүн куттуктоосу;
  • 07:30 — айт намаз.

Майрамдык намазга карата Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрү да жабылат

Эске салсак, быйыл Орозо 6-майда башталып, 4-июнда аяктайт. Ал эми 5-июнда Орозо айт болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0