Учуп-конуу тилкеси жарабай калды. Исфананын аэропорту ремонтко жабылды

© AFP / JIMIN LAIРемонт взлетно-посадочной полосы аэропорта. Архивное фото
Ремонт взлетно-посадочной полосы аэропорта. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропортту сертификациялоонун алкагында атайын комиссия тилкени текшерип чыккан соң бир нече дал келбестиктерди байкаган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Исфана шаарынын аэропорту май айынан тарта белгисиз мөөнөткө учактарды кабыл алуусун токтотту. Бул тууралуу маалымат КРдин Жарандык авиация агенттигинин расмий сайтында жарыяланды.

Аэропортту сертификациялоонун алкагында атайын комиссия тилкени текшерип чыккан соң бир нече дал келбестиктерди байкаган.

"Комиссия текшергенде тилкенин айрым жерлери чөгүп, тегиз болбой калганы аныкталды. Бул аба кемелеринин учуп-конуусуна коркунуч жаратат. Кемчиликтер жоюлмайынча аэропорт ишмердүүлүгүн улантуу боюнча сертификатын узарта албайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коңшулар ири аэропорт куруп, жаңы автоунаа чыгарганы жатат. Кыргызстанчы?
Агенттиктен билдиришкендей, учурда "Манас" аэропортунун Ош шаарындагы филиалы ремонт иштерине даярдык көрүп жатат.

Исфана шаарынын аба майданына жергиликтүү Avia Traffic жана Tez jet компаниялары аптасына бир иреттен каттамдарды аткарчу.

Айта кетсек, өлкө аймагында 11 аэропорт бар. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо ички каттамдар боюнча иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0