Экс-депутат: Салянованын баш коргоо чарасы эртең каралышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асия Сасыкбаеванын айтымында, Салянованы саат 15:00дө үйүнөн алып кетишкен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Аида Салянованын баш коргоо чарасы бүгүн каралышы ыктымал. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Сасыкбаева Салянованын адвокаты менен сүйлөшкөнүн, азыр аны кармоо боюнча протокол түзүлүп жатканын жактоочуга таянуу менен айтты.

"Саат 15:00дө үйүнөн алып кетиптир, биз бир аз мурунураак эле билдик. Ошондон бери ушул имараттын ичинде сурак берип жатат. Азыр адвокаты менен сүйлөштүк. Ал кармоо боюнча протокол түзүлүп жатканын айтты. Болгон маалымат ушул", — деди Сасыкбаева.

Ал ошондой эле Салянованын баш коргоо чарасын кароо үчүн ал сотко алынып барышы, же сот бул жакка келиши ыктымалдыгын кошумчалады. Учурда ИИМ имаратынын алдына "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү чогулууда. Арасында депутаттар дагы бар.

Батукаевдин иши

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган.

Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0