Матраимовдордун чуусу: өкмөт 700 млн. доллардын чыгышы тууралуу 5 жыл мурун билген

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтылган акча каражатын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы ИИМге өткөрүп берилген. 2016-жылы бул корутунду кайрадан Финполго берилген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Анын жүрүшүндө "Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды.

"Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев маалымдагандай, "Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине өткөрүп берилген. 2016-жылы бул корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына берилген", — деп айтылат маалыматта.

Анарбаев Финпол менен Финансылык чалгындоо кызматы 700 миллион долларды чыгарып кетүү фактысын иликтеп жатканын айткан. 

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев
Матраимовдордун чуусу: өкмөт 700 млн. доллардын чыгышы тууралуу 5 жыл мурун билген - Sputnik Кыргызстан
Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев

"Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген. Учурда Финансылык чалгындоо кызматы Финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 миллион долларды чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп "Дордой" жана Кара-Суу базарлары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болууда", — деген Анарбаев.

Абылгазиев Анарбаевге териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

"Тыкыр жана объективдүү тергөө жүргүзүп, коомчулукту өз убагында маалымдоо зарыл. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча далилдерге негизделген, объективдүүлүгү талашсыз, акыркы маалыматтар жарандарга берилүүгө тийиш", — деген өкмөт башчы.

Пленарное заседание Государственной Думы РФ - Sputnik Кыргызстан
"Райым миллиондун" Финполдогу иниси кызматынан кетти
Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган бир тууган Матраимовдордун карааны көрүнгөн иликтөө жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчалары тууралуу баяндалат.

Бул маалымат коомчулуктун, анын ичинде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын нааразылыгын жараткан. Элвира Сурабалдиева Финпол Матраимовдорго карата үч айдан бери эч нерсе кыла албай жатканын айтып, аталган кызматты парламенттин жалпы жыйынында сынга алган

Жаңылыктар түрмөгү
0