Шалдама, мекши, можу, чайанчы... Таласка барарда бир окуп коюңуз

Жазылуу
Ар жердин каада-салты түрдүүчө дегендей, тилинде дагы айырмачылыктар болот. Ал нерсени билип алуу ашыктык болбосо керек. Диалект тилдин бай болушун гана шарттайт. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети дубандын говорун тизмектеп берүүнү улантат.

"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Талас облусунун говоруна токтолдук. Өткөн жумаларда Баткен, Ысык-Көл, Ош, Нарын жана Чүй облустарынын диалектисин тизмектегенбиз.

Материал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тилчи, диалектолог Толгонай Сыдыкованын жардамы менен жасалды.

Текмат — кур;

Ийнелик — төөнөгүч;

Илеки — элечек;

Байтама — чулгоо;

Бостек — чайнек;

Шырдамал — шырдак;

Кулакчын — жабуу;

Көпчүк — көрпөчө;

Можу — чөөгүн иле турган нерсе;

Чөмүч — сузгу;

Челек — чака;

Тапанча — көмөч казандын наны;

Тыбыт — чөбөгө;

Чапчак — бозо ачытуучу жыгач челек;

Чакалак — жүгөрүнүн сотосу;

Мекши — тооктун ургаачысы;

Чермий — чыптама;

Чайанчы — балчы;

Шалдама — этти, гүлчөтайды майдалап туурап, пияз жана башканы кошуп аралаштырган тамак;

Патнус — тарелканын чоңу;

Супара — териден жасалган буюм;

Дагара — кир жуучу буюм;

Көсө — от;

Кайдан — билбейм;

Кычкач — мык сууручу буюм;

Кыпчыкей — чок алуучу буюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0