Лейлекте жолду бууган эл тарай баштады

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик өкүлдөрү элдин талаптарын аткарууга убада берди.

ОШ, 4-июн. –Sputnik. Лейлек районунда Исфана — Андарак жолун тоскон эл тарай баштады. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Председатель ГПС Уларбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасындагы ок атуу. Эки өлкөнүн мекеме башчылары жолугушту
Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү элдин талаптарын аткарууга убада бергендиктен жарандар саат 17.00дөр чамасында тарай баштаган. Нааразычылык акциясы учурунда мыйзам бузуу катталган жок.

Ал эми район акими Баймурат Бекмуратов билдиргендей, ижарага берилген 5 гектар жер тилкеси айыл өкмөткө кайтарылып, аталган аймакка салынган мыйзамсыз турак жайлар көчүрүлмөй болду.

Эске салсак, Андарак айыл өкмөтү 1999-жылы беш гектар жерди ижарага берген. Ал жерге жашылча-жемиш айдалган. Эл ошол дарыланган жашылчаларды сугаруудан агып чыккан химикат таза сууга кошулуп жатат деп нааразы болушкан. Жергиликтүүлөр бул жер тилкени үлүш катары элге бөлүп берүүнү дагы талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0