БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар аялдар 40 жаштан кийин ден соолугун жана сулуулугун сактоо үчүн кандай тамактануусу керек экенин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Диетолог Амелин Фрирдин айтымында, биринчиден, майсыздандырылган азыктарды чанда колдонуу керек. Себеби мындай азыктардын курамында ден соолукка пайдасы жок заттар кездешет.
Ошондой эле адистер 40 жаштан кийин ширин мөмө-жемиштерди чени менен колдонууну, себеби алар организмде канттын көбөйүшүн шарттай тургандыгын белгилешкен. Анын ордуна кечки алтыга чейин кычкыл алма жеп турууну сунушташкан.Тамактануу боюнча адис Жеклин Колдуэлл-Коллинз аялдарга эртең менен мөмө жана жер жемиш, клетчаткага жана пробиотиктерге бай ферменттешкен азыктарды пайдаланууну айткан. Мисалга ал туздалган капустаны, кимчини же айранды келтирген.
Ал эми диетолог Жейн Кларк мүмкүн болушунча майлуу тамактарды жеш керек экенин айтып, тизмеге балык, жаңгак, авокадо, ошондой эле зыгыр жана олива майын киргизген.
Адис Меган Росси күнүмдүк тамакта сөзсүз углеводдор жана 30дай өсүмдүк түрүндөгү азыктар болушу керек экендигин айтып берген. Ал белгилегендей, мындай тамактануу балансташкан болот.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.
БИШКЕК, 27-фев. – Sputnik. Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин маалымат кызматынан маалымдашты.
27-февраль күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
“Күлүйпа апабыз кыргыз мамлекеттүүлүгү жарала электе, башкача айтканда, элибиз автономия тууралуу оозанмак түгүл кыялданганга шаасы жетпей турган, Үркүндөн кийинки оор замандарда Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Кара-Жыгач деген конушунда 1920-жылы жарык дүйнөгө келген. Замандын талабын туйган элеттик кыз эл жүгүн аркалоого эртелей аттаныптыр. Сабатсыздыктын арааны күч ошол мезгилде кыргыз кыздарынын ичинен алгачкылардан болуп суурулуп чыгып, тайманбастан Пишпекке окууга келет. Бул да эрдикке тете иш эле. Он сегиз жашында педагогикалык окуу жайын аяктагандан тартып кылымдар тогошкончо, XXI кылымдын башына чейин, тагыраак айтканда, сексен жаштан өткөнчө жалаң мамлекеттик, өкмөттүк жана коомдук иштерди аркалады”, — деди Жапаров.
Ал Кондучалованын кызматтык жолуна да кыскача токтолгон.
“Жакшылап баам салсак, кылымдарга даңкы артып, аңызга айлана турган жумуштар Күлүйпа энебиздин тушунда арбын жасалды. Четинен эле санап, мисал кыла кетейин. Ал кишинин министрлик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жемиши катары кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасынын ийгиликтүү өткөнүн айтышат.
Президент дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу экенин кошумчалаган.