Аида Салянова камакка алынды

© Sputnik / Расул УсеналиевМурдагы башкы прокурор Аида Салянова. Архив
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салянова 4-июнда убактылуу кармоо жайына киргизилген болчу.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-июнга чейин №1 СИЗОго камакка алды. Бул тууралуу жактоочусу Рабига Сыдыкова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.  

"Сот бир гана мурдагы атайын прокурордун көрсөтмөсүнө таянып Аида Салянованы тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алып койду. Сот эгер Салянова эркиндикте болсо тергөөгө басым жасашы мүмкүн деген жүйө келтирди. Бирок анын учурда жогорку кызматта иштебегенин жана жашы жете элек эки баласы бар экенин айтсак канааттандырган жок", — деди жактоочу. 

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.

Батукаевдин иши

Женщина ударила Манаса Арабаева сумкой по голове, тот отшатнулся — видео - Sputnik Кыргызстан
Соттон чыккан Арабаевди жаалданган аял сумка менен башка чапты. Видео
2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0