Бишкектеги 5-кичи райондо чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө эки унаа менен автошаты тартылган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкектеги 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрт саат 10:25те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин ӨКМге аталган райондогу №9 үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөнү кабарланган. Саат 09:16да жерине эки өрт өчүрүү унаасы автошаты менен жөнөп кеткен. Жалын саат 09:40та чектөөгө алынган.

Жалпы 15 адам эвакуацияланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0