"Бөрүлүнүн" капитаны, көк бөрүчү Эмил Бекбердинов көз жумду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк бөрү оюнчусу. Архив
Көк бөрү оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк бөрүчүнүн туугандарынын айтымында, ал мурда ооруган эмес. Кечинде жакшы эле жүргөн.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандын ардагер улакчыларынын бири, "Бөрүлү" көк бөрү командасынын капитаны Эмил Бекбердинов каза болду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КOK-BORU KG 🇰🇬 (@kokboru_kg)

Анын сөөгү бүгүн, 5-июнда, кичи мекени Сокулуктун Бөрүлү айылында жерге берилгенин "Биримдик" командасынын капитаны Улан Насакеев билдирди. Анын айтымында, улакчы жүрөгү кармап каза болгон.

"Эмил агабыз мурда ооруган эмес. Кечинде жакшы эле жүргөн экен, 3-июнда эртең менен жүрөгү кармап көз жумду. Бүгүн жерге берип келдик", — деди Насакеев.

Легендарлуу улакчы Эмил Бекбердинов 45 жашта болчу, артында беш баласы калды. Ал 1990-жылдардан тарта көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасында ойноп келген. Атагы чыккан "Бөрүлү" командасын жетектеп, оюн талаасына алып чыккан. Мындан сырткары, "Четинди" командасын даярдаган. Быйылкы сезондо Ысык-Көлдүн "Тору-Айгыр" командасына машыктыруучу болуп барган эле.

Бир нече көк бөрү командаларын жетектеп, алдыга сүрөп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0