Сокулук РИИБинин алдына 100гө жакын Орок айылынын тургуну чогулду

Ороктун 100гө жакын жашоочусу милициянын алдына чогулду. Сүрөт

466
(жаңыланган 10:34 06.06.2019)
Буга чейин райондук ички иштер бөлүмүнө 31 киши жеткирилген.

БИШКЕК, 6-июн. – Sputnik. Сокулук РИИБинин алдына 100гө жакын Орок айылынын тургуну чогулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • Около Сокулукского РОВД находятся около 100 жителей села Орок
    Сокулук РИИБинин алдына 100гө жакын Орок айылынын тургуну чогулду
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Около Сокулукского РОВД находятся около 100 жителей села Орок
    Жаңжалдан кийин айылдын 31 тургуну милицияга жеткирилген.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Около Сокулукского РОВД находятся около 100 жителей села Орок
    Кийинчерээк алардын 24ү чакырганда суракка келип туруу милдеттенмеси менен кое берилген.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
1 / 3
© Sputnik / Нурис Алымбаев
Сокулук РИИБинин алдына 100гө жакын Орок айылынын тургуну чогулду

Жаңжалдан кийин айылдын 31 тургуну милицияга жеткирилген. Кийинчерээк алардын 24ү чакырганда суракка келип туруу милдеттенмеси менен коё берилген

РИИБден маалымдашкандай, топтолгон эл калган балдардын жана жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Борокевдин бошотулушун күтүп жатышат. Айыл жашоочуларынын айтымында, милиция депутатты башаламандык уюштурган негизги фигура катары кароодо. Мындан сырткары, өспүрүмдү сабады делген эки шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ошондой эле топтолгондор күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышууда.

Жаңжал 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) каттоого алынган.

466
Белгилер:
милиция, Орок айылдык кеңеши, Сокулук
Тема:
Орок айылындагы жаңжал (14)
Тема боюнча
Орок айылындагы жаңжалга катышкандарды милиция кармаган видео
Милиция Ороктогу мушташтын чоо-жайын айтты