Ташкент — Балыкчы каттамындагы алгачкы поезд жолго чыкты. Убактысы жана баасы

© Sputnik / Табылды КадырбековТашкент — Балыкчы поезди. Архив
Ташкент — Балыкчы поезди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттамдар 6-июндан тарта сентябрь айынын баштапкы күндөрүнө чейин аткарылат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ташкент — Балыкчы каттамы боюнча поезд бүгүн Өзбекстандын борбор калаасынан Кыргызстанды көздөй жолго чыкты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Поезд Ташкенттен ар бейшемби күнү саат 20:50дө (Ташкент убактысы боюнча) чыгып, Бишкекке жума күнү саат 16.03тө жетет. Андан ары саат 20:29да Балыкчы шаарына келип токтойт.

Ал эми поезд Балыкчы шаарынан ар ишемби сайын таңкы саат 1:59да чыгат.

Жол кире:

  • Плацкарт вагону — 2 943 сом;
  • Купе — 3 885 сом;
  • "Люкс" вагон — 6 950 сом.

Мындай баа бир тарапка бир апта мурда билет алган учурда коюлат. Ал эми башка убактарда мөөнөтүнө жана вагонго жараша сумма өзгөрүп турат.

Баса, вагондо ресторан бар.

Каттамдар 6-июндан тарта сентябрь айынын баштапкы күндөрүнө чейин аткарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0