Бишкекте 17 жаштагы Айгерим жоголду

© AFP / Mark RALSTONСовременная галерея Chimento в Калифорнии
Современная галерея Chimento в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандары кыз буга чейин бир сутка кабарсыз кетчү эмес деп билдиришти.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Борбор калаада 17 жаштагы Айгерим Муканбетова жоголуп, табылбай жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга анын туугандары билдиришти.

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада 19 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт
Маалыматка караганда, Айгерим 5-июнь күнү "Орто-Сай" базарынан саат 18:00дөр чамасында чыгып, ошол бойдон дайынсыз. Туугандары кыз буга чейин бир сутка кабарсыз кетчү эмес деп билдиришти.

Ал агыш түстөгү күрмө, кара жинсы, кара бут кийимчен чыккан, колунда көтөргөн рюкзагы бар болчу дешти. Кыздын кара чачтуу, кара көздүү, бою 1,65 метр экенин билдиришти.

Издөө иштерин Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери жүргүзүп жатат. Айгерим боюнча кимде-ким билсе же кабары болсо (0707) 34-90-27 жана 102 телефон номерлерине чалууну суранышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0