Жашоону узартуу үчүн күнүгө канча басуу керектиги айтылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСейилдеп жүргөн кары адамдар. Архив
Сейилдеп жүргөн кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгиленген чектен ашыра басуунун пайдасы жок экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Гарвард медицина мектебинин окумуштуулары ден соолукту чыңдап, өлүм тобокелдигин азайтуу үчүн күнүгө 7,5 миң кадам жасоо керек экенин аныкташкан. Иликтөөнүн жыйынтыгы The New York Post гезитине жарыяланганын "Известия" жазды.

Адистер төрт жыл бою 62 жаштан 101ге чейинки курактагы 16,7 миң аялдын жашоосуна көз салган. Эксперимент учурунда катышуучуларга жасаган кадамын жана кыймылдаган ылдамдыгын санаган трекер таратышкан. Мындан тышкары, аялдар жашоо образы, диетасы жана оору-сыркоосу тууралуу жашырбастан айтып беришкен.

Ожирение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Чоң курсактан бир айда кантип арылса болот. Адистердин аныктамасы
Эксперимент аяктагыча 504 аял көз жумган. Илимпоздордун айтымында, өлүмгө күнүнө 2,2 миңдин тегерегинде кадам жасаган аялдар дуушар болгон. Ал эми 4,4 миң кадам баскандардын көрсөткүчү алда канча жакшыраак экени аныкталган.Ал эми 7,5 миң кадам жасаган аялдардын өлүм тобокелдиги кыйла кыскарган. Бирок 10 миңге жеткирген аялдардын ден соолугу андан өтүп жакшырып кеткени байкалган эмес.

Мындан улам күнүнө 7,5 миң кадамдын тегерегинде баскан кишинин саламаттыгы чың болору далилденди.

Жаңылыктар түрмөгү
0