Сары-Челек коругу. Архив

Сары-Челекти таптакыр жабыш керек. Биринчи жетекчинин уулдары коруктун абалы тууралуу

1141
(жаңыланган 10:39 07.06.2019)
Сары-Челек коругунун биринчи жетекчисинин балдары көп жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келип, качандыр бир кезде токойдо жайнап жүргөн жаныбарларды таппай калышкан. Аймакка келген туристтер эс алып эле кетпестен, табиятты бүлдүрүп да кетишет.

Негизи Кыргызстандын жаратылышы тууралуу сөз болгондо башкы артыкчылык катары өлкөнүн адам колу тие элек табияты оозго келет. Бул ажайып кооздук гана эмес, ресурс да болуп саналат. Сары-Челек мамлекеттик коргунун биринчи жетекчиси Николай Виноградовдун балдары Алексей менен Александр Виноградовдор өлкө корукка кандай кам көрүп келгендиги тууралуу кеп курушту.

— Быйыл Сары-Челек коругуна 60 жыл толду, 40 жыл мурда ал ЮНЕСКОнун биосфералык коруктарынын тизмесине кирген. Кыргызстандын табигый байлыгынын сакталып калышына опол тоодой эмгек кылган бүлө тууралуу айтып бербейсиздерби?

Алексей: — Баары таятабыз Александр Сергеевич Яблоковдон башталды. Ал токойчу-селекционер, айыл чарба илимдеринин доктору, академик жана СССРдин Сталиндик сыйлыгынын ээси эле. Кыргызстанда, Кавказда, Украина жана Крымда эндемик-өсүмдүктөрдү аргындаштырчу.

Апабыз Валентина Яблокова Москвадагы Токой техникалык институтун бүтүрүп, ошол эле окуу жайды аяктаган Николай Виноградовго турмушка чыгат. Таятабыз экөөнүн командировкасы Кыргызстанга туура келишине кызыкдар болуптур. Ата-энебиз Сары-Челектеги жаңгак бактарын жакшыртуу жана көбөйтүүнү иликтешкен.

Сын первого директора Сары-Челекского государственного биосферного заповедника Николая Виноградова — Алексей Виноградов
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Сары-Челек коругунун биринчи жетекчиси Николай Виноградовдун уулу Алексей Виноградов: атабыз кызматка 1969-жылы дайындалган. Эмгек жамаат эң биринчи эле 23 гектарды толугу менен жаап салган. Себеби ошол өстүрүлгөн бак-дарактар, сейрек көчөттөр сынбай, талкаланбай өсүшү керек эле.

— Өлкөнүн түштүк аймагындагы токойлордун артыкчылыгы эмнеде?

Александр: — Илгертеден келе жаткан тирүү организмдердин көптүгүндө. Адам токойлорду кыя баштаганда ал өзүнүн уникалдуулугун жоготуп, жапайы жаратылыштын бир бөлүгүнө айланып калат. Мунун алдын алуу үчүн СССР убагында Кыргызстандын аймагында дендрарийлер түзүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө алар эч ойлонулбастан жоголуп жатат.

Сын первого директора Сары-Челекского государственного биосферного заповедника Николая Виноградова — Александр Виноградов
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Александр Виноградов: адам токойлорду кыя баштаганда ал өзүнүн уникалдуулугун жоготуп, жапайы жаратылыштын бир бөлүгүнө айланып калат. Мунун алдын алуу үчүн СССР убагында Кыргызстандын аймагында дендрарийлер түзүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө алар эч ойлонулбастан жоголуп жатат.

— Сиздер Сары-Челек коругунун түзүлгөн убагын жана андан кийинки абалын да көрдүңүздөр. Айырма асман менен жердей бекен?

Алексей: — Атабыз коруктун биринчи жетекчиси эле, кызматка 1969-жылы дайындалган. Эмгек жамаат эң биринчи эле 23 гектарды толугу менен жаап салган. Бирок бул аракет толугу менен ишке ашкан жок: көлдүн сол жээгинде аткаминерлер менен жогорку даражалуу коноктор эс ала турган дача бар эле. Эч кандай деле тартип бузуу болчу эмес, ага директор өзү көз салчу. «Эмнеге жаап салган?» деген суроо туулушу мүмкүн. Себеби ошол өстүрүлгөн бак-дарактар, сейрек көчөттөр сынбай, талкаланбай өсүшү керек эле.

Азыр көптөр Сары-Челек башынан эле ушундай болуп жаралып, жаңгактар жана андагы ар түрдүү дарактар табигый жол менен эле өсүп калган деп билишет. Түк андай эмес. Бул ошол кездеги адистердин, жумушчулардын, кызматкерлердин күндөп-түндөп жасаган эмгеги эле. Алардын маңдай теринин, короткон көз майынын жыйынтыгы болчу. Кыйыштырып, башка жактан алып келип тигип, карап, бапестеп өстүрүп жумшаган эмгектин акыбети экендиги айта кетүү керек. Эл, коомчулук ошону түшүнүшү зарыл. Дүйнө суктанган даңазалуу Сары-Челек көп мээнет менен азыркы Сары-Челек атагын алган. Бирок азыр жоголуп, бүлүнүп бара жаткан учуру экен...

Сары-Челекке анда этият мамиле жасалчу. Ушунчалык тынч аймак эле, жада калса камандар үйүбүздүн жанына чейин келип жаңгак жеп кетчү. Аюунун бакырганы угулар эле, элик менен зубрларды көрчүбүз.

Бир топ жылдан кийин кайтып келип, андагы жаныбарларды таппай калдык. "Кайда?" - деп сурасак, "Баарына адамдар күнөөлүү",- деп жооп беришти. Сары-Челекке келген эс алуучулар жаратылышка да болуп көрбөгөндөй зыян келтирүүдө. Өткөндө бир канаттуунун жумурткасын чөнтөгүнө салып алган турист аялды көрдүк. Аны эмне кылат?! Адамдар жаныбарлар менен канаттууларды байырлаган табигый чөйрөсүнөн ажыратып жатышат. Баса, биз коруктун баш жагында эле болдук. Көлгө баралы десек, унаа каттабайт деп коюшту. Бирок мен кадимкидей эле жолду көрдүм.

Первый директор Сары-Челекского государственного биосферного заповедника Николай Виноградов
© Фото / из семейного архива Виноградовых
Алексей Виноградов: азыр көптөр Сары-Челек башынан эле ушундай болуп жаралып, жаңгактар жана андагы ар түрдүү дарактар табигый жол менен эле өсүп калган деп билишет. Жок. Бул ошол кездеги адистердин, жумушчулардын, кызматкерлердин күндөп-түндөп жасаган эмгеги эле. Маңдай теринин, короткон көз майынын жыйынтыгы болчу.

— Сиздер Кыргызстанга анык бир максат менен келипсиздер...

Алексей: — Коруктун жетекчилигине жардамыбызды сунуштадык. Александр менен бир тууганыбыз Елена — айыл чарба илимдеринин кандидаттары, мен — аскер кишисимин. Корукка кайдыгер болбогон адамдардан топ түзүүнү чечтик, ушу тапта экологиялык уюм иштеп жатат, атайын программа бар. Мында Сары-Челек эле эмес, Кыргызстандын бардык табигый байлыгын жандантуу тууралуу сөз жүрүүдө. Азыркыдай жүрө берсек, жакын арада жаңгак токойлорунан, марал, илбирс дегендерден таптакыр кол жууп калабыз...

— Мамлекеттик структурадагылар каржылоонун жетишсиздигин айтып келишет. Сиздер кандай дейсиздер?

Алексей: — Коруктун жанында жайгашкан Аркыт айылынын жашоочулары Сары-Челекти өздөрү кайтарууга даяр, бирок мында маселе ошол ишти уюштурууда. Башкы көйгөй — жумушсуздук. Нанга акча таппай карайлап турган киши жаратылышка кол салат. Дагы бир көйгөй — адамдын билим деңгээли. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу керек. Кыргызстанда жүз кишиге бир доцент, миң адамга бир илим доктору... Бирок мунун эч кандай пайдасы билинбейт, токойлор гектарлап жок болууда. Бул адистердин баары эмне менен алек болуп жатканы белгисиз.

Сунушубуз эң эле жөнөкөй — агрохолдинг түзүп, Сары-Челектин айланасына көчөт отургузуу. Башкача айтканда, корукту пайдалана бербей, тегерек-четине бак отургузуп, ошолорду колдонуу. Кыскасы, азыр корукту адистерден башка адам буту баспагандай кылып бир нече убакытка чейин жабуу керек. Сары-Челекти кайра калыбына келтирүү зарыл.

Анан да "акча жок" деген эмне? Акчаны табыш керек да. Бир тааныш ишкер корукка кеткен жолго нааразы болуп отурат, туристтер кыйналып жаткан имиш. Ал эми коңшу айылда эч бир сервистин жок экенине кандай карайт болду экен?

Мурда Аркытта 60тай түтүн жашачу, азыр 1200 адам экен. Алар кантип, кайсы акчага жашашы керек? Анан жаңгак теришет да. Бир кабын токойчуга, калганын сатуу үчүн базарга жөнөшөт. Жаныбарлардын жегенине эч нерсе калбай калып жатпайбы.

Первый директор Сары-Челекского государственного биосферного заповедника Николай Виноградов
© Фото / из семейного архива Виноградовых
Виноградов: Азыр башкы көйгөй — жумушсуздук. Нанга акча таппай карайлап турган киши жаратылышка кол салат. Дагы бир көйгөй — адамдын билим деңгээли. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу керек. Кыргызстанда жүз кишиге бир доцент, миң адамга бир илим доктору... Бирок мунун эч кандай пайдасы билинбейт, токойлор гектарлап жок болууда. Бул адистердин баары эмне менен алек болуп жатканы белгисиз.

— Көзөмөлдөнгөн аймакта маданияттуу эс алуу мүмкүнбү? Ушуга жетише алабызбы?

Алексей: — Албетте. Муну дүйнөлүк тажрыйба да тастыктаган. Мисалы, Таиландда жапайы туризм деген жок, ал жак ушундай тыкыр көзөмөлгө алыныптыр, жада калса, кораллдын майда бөлүгүн сындырып алганың үчүн түрмөгө түшөт экенсиң. Кыргызстанда да ушундай катуу тартип болушу керек. Туризм — бул жакшы киреше бере турган тармак, болгону аны туура уюштура билүү зарыл.

1141
Белгилер:
көл, өсүмдүктөр, жаныбарлар, көчөт, корук, жаңгак, токой, Сары-Челек
Тема боюнча
Жаратылышты коргоого бюджеттин 0,7 пайызы гана жумшалат