Балдарды реабилитациялоо борборунун экс-жетекчиси Петрушевский кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун" мурдагы директору Алексей Петрушевский. Архив
Балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун" мурдагы директору Алексей Петрушевский кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негиз менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

"6-июнда Бишкек шаардык прокуратурасынын материалы боюнча Петрушевскийге Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш жасалганы боюнча билдирүү берүү чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү УКМКнын тергөө органдары шектүүнүн өзүнө билдирүүнү берип, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Петрушевский "Балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун" директорлугунан быйыл март айынын башында алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0