Ажыга барчуларды эмдөө маалы белгилүү болду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүУкол даярдап жаткан дарыгер. Архив
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдөө 10 күн жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ажыга барчуларды эмдөө 10-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"Жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга барчу талапкерлерге виза ачылбайт. Андыктан белгиленген мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Муфтият, андан сырткары, эмдөө боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып, кайрылууну өтүнөт.

  • Бишкек шаары — 0776337745;
  • Ош облусу — 0779808989;
  • Ош шаары — 0778779633;
  • Баткен облусу — 0771401923;
  • Жалал-Абад облусу — 0772207319;
  • Чүй облусу — 0557370454;
  • Талас облусу — 0773644487;
  • Нарын облусу — 0700484754;
  • Ысык-Көл облусу — 0777194784.

Быйыл Сауд Аравия падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Ал эми ажылык сапардын баасы 3000 доллар деп бычылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0