ЖКККББ 2 миллион сомдон алган жаңы Toyota Camry унааларынын видеосу

© AFP / MARK RALSTONАвтосалон Toyota в Лос-Анджелесе
Автосалон Toyota в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда унаалар инспекторлорго ылайыкташтырылып жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Toyota Camry үлгүсүндөгү жаңы унааларды сатып алды. Алардын видеосу Telegram каналынын "Короче" тайпасына жарыяланды.

Кадрдан ЖКККББга ылайыкташтырылып кайра жасалган жаңы унааларды көрүүгө болот. Автолорго сирена орнотулган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов жаңы унаалар сатып алынганын ырастады.

"Беш унаа алууга тендер жарыяланган, кечээ алар алып келинди. Жалпы беш Toyota Camry алынды, ар биринин баасы 2 миллион сомго жакын", — деди катчы.

Оторовдун айтымында, бул унаалар Бишкекте 13-14-июнда өтө турган ШКУнун саммитинде, андан соң ушул сыяктуу иш-чараларда колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0