ИИМ Орок айылындагы акыркы абал кандай экенин билдирди

© Sputnik / Нурис АлымбаевСитуация в селе Орок Сокулукского района
Ситуация в селе Орок Сокулукского района  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары нөөмөттө турат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүү боюнча, учурда Орок айылындагы абал туруктуу.

"Өткөн суткада коомдук тартипти бузуу фактысы аныкталган эмес. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. ИИМдин атайын багыттагы "Шумкар" полку, Чүй ОИИББ менен Сокулук РИИБинин кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн нөөмөттө турат", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин калган кызматтары кадимки режимде иштеп жатат.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн ички ишине кийлигишпеңиз. ТИМ түрк элчисине нота тапшырды
Ички иштер органдарынын ыкчам көргөн аракеттеринин негизинде аймакта туруктуулук менен коомдук тартип камсыз болгону билдирүүдө айтылат.

Белгилей кетсек, 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында жергиликтүү өспүрүмдөр Айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбаштык") каттоого алынган. Орок айылындагы жаңжал боюнча 32 киши кармалып, 31и коё берилген болчу.

Укук коргоо органдары 6-июнда абал турукташып, араздашкан тараптар элдешкенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0