"Конуштагы лидер кыздар" деп аталган сынак окуучулардын өздөрү жашаган, окуган конуштардагы көйгөйлөрдү дараметине жараша чечүүсүнө өбөлгө болот. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаштардын демилгелүү иштерин тизмектөөнү чечти.
Эне-Сай конушунда жашаган 9-класстын окуучусу Сейитбек кызы Айзирек менен Асел Келдибекова март айында долбоорун жазган. Өспүрүмдөрдүн тилеги балдар аянтчасын жашылдандыруу болгон. Алардын көздөгөнү ишке ашып 400 түп көчөт отургузуп, аны "Кыздар аллеясы" деп атап коюшту.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жеңиш конушундагы окуучулар балдар аянтчасын жарыктандыруу маселесин көтөргөн. Демилгелүү кыздардын аракети менен эми ал жерде кичинекейлер кечкисин да ойной башташты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми Ак-Ордо конушунун өспүрүмдөрү да бөбөктөргө кам көрүштү. Чакан грант утуп алгандар балдар аянтчасын оңдоо, сырдоо жана жарыктандыруу жумуштарына бел байлап, ал жерди жаңылап колдонууга берди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ошондой эле Көлмө конушунда жашаган окуучу кыздар да долбоорго катышып, жеңүүчү аталган. Өспүрүмдөр өздөрүнүн мектебине жаңы отургучтарды орнотту. Андан сырткары, аялдамалардагы отургучтарды да оңдоп жатышат.
Өсүп келе жаткан муунду коомдук иштерге активдүү катышууга үндөгөн долбоор июль айында соңуна чыгат.
Кошумчалай кетсек, жогорудагы иштерди лидер кыздар жаштар менен биргеликте 100 долларга эле жасап, ар бир топ жети миң сомго жетпеген акча менен ойлорун ишке ашырды.