Албагандан кийин улам бирин кие бербе. Дүкөндө жүрүүнүн 6 эрежеси

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКийим тандап жаткан кыз. Архив
Кийим тандап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүкөн — жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Курсагыбыз ачса да, байпагыбыз жыртылса да дүкөнгө чуркайбыз. Өзгөчө шаар тургундары бир күндө жок дегенде бир жолу кирбесе башы ооруйт.

"Кардардыкы дайым туура" деген сөз, албетте, ар бир сатып алуучуга дем берет. Бирок акча төлөп жатам деп эле ой келди аракеттерди кылуунун канчалык зарылдыгы бар? Анын үстүнө одоно кылык-жоруктар сатуучуларга гана эмес, башка кардарларга дагы көлөкөсүн түшүрүшү мүмкүн.

Дүкөндө жүрүү маданияты тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Эшикти кармап туруңуз

Ооруканадыгы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кезекте тургандардын башын аттабаңыз! Ооруканада жүрүү этикети
Коомдук жайдагы жүрүм-турум эрежелерине ылайык, имараттан чыгып келе жаткан адамга жол бошотуу керек. Дүкөндө деле ушул формула иштейт. Ал эле эмес, чыгып кеткиче эшикти ачып кармап турсаңыз дагы ашыкча болбойт. Тескерисинче, колуна толгон-токой баштык кармап келе жаткан адам ыраазычылыгын гана билдирет.

Товарды кармалабайт

Айрым товарлар, өзгөчө азык-түлүктөр таңгаксыз турган учурда аны кол менен кармалап, ары-бери жылдырууга болбойт. Баштыкка салып жатканда дагы атайын ошол товарды кармагычты же сузгучту колдонуңуз. Баса, базардан айырмаланып дүкөндө товарды сатып ала электе ооз тийүүгө тыюу салынган.

Кезек

Мейманкананын номерин жыйнап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлмөгө киши түнөтпө! Эс алуудагы мейманканада жашоо этикети
Кечке жуук же майрамдардын алдында көпчүлүк дүкөндөрдүн кассасына эл толуп калат эмеспи. Кандай болгон күндө дагы кезекке турууну унутпаңыз. Оголе шашып жатсаңыз, алдыда турган адамдарга шартты түшүндүрүп, өткөрүп ийүүсүн сурансаңыз болот. Бирок эч убакта өзүңүздү башкалардан өзгөчө көрүп, жулуна көрбөңүз. Азыркы техникалык мүмкүнчүлүктөр күч алып турган заманда интернет жылдызына айланып кетишиңиз толук ыктымал.

Албаган товарга доомат койбоңуз

Кайсы бир товарларды, өзгөчө кийим-кечекти албай турганыңызды анык билсеңиз, улам бирин кийип көрүп, сатуучунун убактысын албаңыз. Ал эми алам деген ой менен көп кийимди кийип көрүп, бирок ылайыктуусун таппасаңыз, убара кылганыңыз үчүн сатуучудан кечирим сурап, ыраазычылык  айтып коюңуз. Баса, дүкөндүн консультанттары сунуштаган товар сизге жакпай калган учурда андан сылык баш тартыңыз. Бирок эч убакта аны кагып-силкип, товар тууралуу башка кардарлардын көзүнчө негативдүү пикир айтпаңыз.

Жолтоо болбоңуз

Фестиваль Этно Фест в селе Тон - Sputnik Кыргызстан
Тоо-таш душмандыкы эмес! Жаратылышта эс алуу боюнча 7 кеңеш
Дүкөн кызматкерлери башка кардар менен сүйлөшүп же акча санап жатканда суроо бербей туруңуз.

Товарга кылдат мамиле кылыңыз

Товарга ар дайым кылдат мамиле кылыңыз, өзгөчө кийим-кечекке. Дүкөнчүлөр кыз-келиндерге кийимди ченеп көрүп жатканда упа менен помаданын тагын калтырбоону өтүнөт. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, сиз жактырган көйнөктүн булганганын байкасаңыз, албай коесуз да, туурабы?

Жаңылыктар түрмөгү
0