Фастфуддун балдар үчүн болуп көрбөгөндөй зыяны айтылды

Жазылуу
Окумуштуулар 60тай баланын саламаттыгына көз салышкан.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Фастфудду көп жеген адамдардын организминде тамак-ашка болгон аллергияны шарттоочу элементтер пайда болот. Бул тууралуу италиялык аллергологдор ESPGHAN конференциясында айтышканын РИА Новости жазды.

Адистер бул өзгөчө балдарга тиешелүү көрүнүш экенин, көйгөй өнүккөн өлкөлөрдө курчуп жатканын белгилешкен.

"Ушу кезге чейин айтылган бир да теория же модель тамак-ашка аллергиясы пайда болгон адамдардын саны акыркы жылдары эмнеге өсүп жатканын түшүндүрүп бере албайт. Бул эпидемияны фастфудду көп жегендин натыйжасында организминде чогулган таштанды шартташы мүмкүн", — деди Неаполитан университетинин окумуштуусу Роберто Канани.

Жакында эле медиктер менен диетологдор тез татымдан адам азыр эле тамак жегенин унутуп каларын, мындай тамак аялдардын төрөбөй калышына алып келерин айтып чыгышкан. Мындан тышкары, калориялуу жана ашыкча майлуу тамак Альцгеймер дартын шарттап, адамдын мээсин дагы көбүрөөк тамак жегенге "буруп" коеру белгилүү болгон.

II международная специализированная выставка Импортозамещение - 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жер-жемиштин курсактагы түйүлдүккө кандай пайдасы бар? Иликтөө
Канани башында турган окумуштуулар 60тай кичине балага көз салып, алардын бир тобу тамак-аш аллергиясынан, дагы бир нечеси астма дартынан жапа чегерин аныкташкан. Илимпоздор балдардын жашоо-шартын, тамактануусун жана анализдерин изилдөөгө алышкан.

"Натыйжада аллергиядан жабыркаган балдар тез татымды көп жегени аныкталган. Андан сырткары, алардын организминде углевод каптаган белок жана май молекулалары көп санда экени такталган. Булардын адам организминен чыгышы өтө татаал", — дешти адистер.

Мындай дартка чалдыккандар көбүнесе АКШ, Канада, Европада экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0