Жүрөккө миңдин бири. Окумуштуулар дартка даба суусундукту аташты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКардиограмма. Архив
Кардиограмма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор 184 эркек кишинин жана 297 аялдын катышуусунда атайын изилдөө жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Туздалбаган томат ширесин ичүү жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу ыктымалдыгын азайтат. Мындай жыйынтыкка Токионун стоматологиялык университетинин окумуштуулары келгенин MedicalXpress басылмасы жазды.

Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Адам 50 жаштан кийин эмнеге бат карый баштайт? Окумуштуулардын иликтөөсү
Илимпоздор 184 эркек кишинин жана 297 аялдын катышуусунда атайын изилдөө жүргүзүшкөн. Алар жыл бою каалаганча туздалбаган томат ширесин ичишкен. Бир жылдан кийин катышуучулардын жүрөк-кан тамыр системасын текшеришкен. 94 кишинин жүрөгү менен кан басымы нормага келген. Ал эми холестерини көп болгон 125 кишинин абалы жакшырган. Мындай жылыш эркектерде да, аялдарда да байкалган.

Окумуштуулар бул томат ширесинин адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдеген алгачкы илимий эмгек экенин белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0