Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын тапты

Жазылуу
Мушташ 8-9-июнда №3 кичи райондо болгон.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматы №3 кичи райондо болгон массалык мушташтын катышуучулары кимдер экенин аныктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков билдирди.

Буга чейин милиция социалдык тармакта видеосу тараган мушташтын катышуучуларын издеп жатканы кабарланган. Видеодон топтошкон балдар бир баланы жерге жыгып, баарылап тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Бишкекте болгон дагы бир мушташтын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын айтымында, эки мушташ тең шаардагы бир эле түнкү клубдун жанында эки башка күнү болгон.

Мушташ Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

"Бул мушташ боюнча милицияга жана Тез жардам кызматына эч ким кайрылган эмес, бирок милициянын криминалдык кызматынын өкүлдөрү мушташтын катышуучуларын аныктады. Алар видео ЖМКларга тарап кеткенден кийин из жашырууга аракет кылышкан. 8-июнда болжол менен саат 02:00дөр чамасында болгон мушташка 36 жаштагы М.У. менен 33 жаштагы М.Н. катышкан. Эч кими арыз жазган эмес", — деди Жумаков.

Случаи драки людей в КР - Sputnik Кыргызстан
Петербургда кыргызстандыктар жергиликтүү тургундар менен мушташа кетти
Алар көрсөтмө бергенден кийин бир шарт менен — керек болгон учурда милицияга кайрадан көрсөтмө берет деп үйүнө коё берилген.

Андан сырткары, укук коргоо органдары 9-июндагы мушташ саат 03:30дар чамасында болгонун ырасташты. Анда 19-20 жаш чамасындагы балдар жакалаша кеткен. Алар да арыз жазуудан баш тарткан. Учурда мушташтын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аны менен катар эки мушташ болгон түнкү клубдун жетекчилигине буга чейин да келген эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча эскертүү берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0