Айдоочу күбөлүгү. Архивдик сүрөт

Айдоочуларга берилчү жаңы күбөлүктүн 7 айырмасы айтылды

3121
(жаңыланган 18:54 11.06.2019)
Мамкаттоо жаңы күбөлүктөр кандай максатта жасалганы жатканын жана азыркыдан эмне айырмасы бар экенин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) Sputnik агенттигине жаңы айдоочулук күбөлүк тууралуу маалымат берди.

Каттоо кызматы айдоочуларга жаңы үлгүдөгү күбөлүк берүүгө камынып жатканы ведомствонун жетекчиси Алмаз Мамбетов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда маалым болгон. https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20190607/1044599720/zhany-ajdoochuluk-kuboluk.html Мамбетовдун айтымында, буга чейин күбөлүктү жеке компания даярдап келсе, эми МКК өзү жасай баштайт.

Жаңы айдоочулук күбөлүк тууралуу:

Учурдагы айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү 2011-жылдан бери чыгарылып келет. Сегиз жылдын аралыгында эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Коргоосу, сапаты жана баасы эл аралык нормаларга туура келбейт;

Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн дизайны жакшыртылат. Ошондой эле эл аралык тажрыйба менен алдыңкы технологиянын негизинде коргоочу элементтер менен жабдылат;

Күбөлүк айдоочунун ким экенин тактоо боюнча эл аралык талаптарга жооп берет. Бул Кыргызстандагы төртүнчү муундагы күбөлүк болуп калмакчы;

Күбөлүктүн мөөнөтү 10 жылга чейин деп пландалууда. Бүгүнкү күндө жумушчу топ күбөлүктөрдүн техникалык спецификациясын жана эскиздерин даярдап жатат;

Айдоочулук күбөлүктү даярдоо иши жеке компаниядан мамлекеттик компанияга өтүп жаткандыктан баасы 40-50 пайызга арзан болот;

Айдоочулардын азыркы күбөлүктөрү мөөнөтү бүткүчө жарактуу болот. Аны жаңыга алмаштыруу унаа ээлеринин өз эрки;

Жаңы күбөлүккө өтүү учурунда айдоочуларга убактылуу күбөлүк берилип турат. Анын жасалмадан коргоочу QR-коду болот. Бланкалар бекер берилет.

3121
Белгилер:
күбөлүк, айдоочу күбөлүгү, Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда жаңы айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Өзгөчөлүгү
Жолтандабас гана алчу. Бишкекте шылуундукка шектелген киши кармалды