Сооттолгон жолтандабастар. Кыргызстан ШКУ саммитин утурлай кандай белек алды

© Фото / пресс-служба МВД КРПередача автомобильной техники Министерством общественной безопасности Китая МВД Кыргызстана
Передача автомобильной техники Министерством общественной безопасности Китая МВД Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооттолгон автоунаа, автобус жана ремонтко каражат... Мунун баары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүп алуу үчүн өнөктөш мамлекеттер берген тартуу.

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнунда ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Ушу тапта борбор калаада жолдор, имараттар, аэропорт оңдолуп, кеңейип, жаңы жабдуулар алынууда.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Сапар алдында Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөштү
Иш-чараны утурлай Кыргызстан бир топ белек алды. Бул жолу дагы негизги колдоосун Россия менен Кытай көрсөттү. Бул жолу дагы дегеним, 2013-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн саммит алдында дал ушул эки мамлекет жардам берген. Тагыраагы, эл арасында көп айтылып жүргөн Cadillac автолорун Кытай ШКУ саммитин утурлай белек кылган. Кийин алардын бир бөлүгүн айрым министрлерге, Жогорку Кеңештин фракция жетекчилерине жана вице-спикерлерге кызматтык унаа катары бөлүп беришкенин ЖМКлар жазган

Ал эми Россия сооттолгон беш BMW унаасын жана бир нече чакан автобус тартуулаган. Мындан тышкары, VIP-класстагы МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак берилгени айтылган.

Ал эми 13-14-июнда Бишкекте өтө турган саммитке карата төмөнкүдөй жардам келди.

Кытайдын автокөлүктөрү

Кытайдын коомдук коопсуздук министрлиги Кыргызстандын Ички иштер министрлигине сооттолгон атайын автоунааларды белекке берди. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 30 миллион юандык (305 миллион сомдон ашык) техниканы алуу боюнча ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кытайлык кесиптеши Чжао Кэчжи менен макулдашкан. Кытайдан келген автотехниканын ичинде автобустар, кичи автобустар, жол тандабастар жана полициянын сооттолгон машиналары бар. 

© Фото / пресс-служба МВД КРКытай тарабынан берилген сооттолгон атайын автоунаалар
Сооттолгон жол тандабастар. Кыргызстан ШКУ саммитин утурлай кандай белек алды - Sputnik Кыргызстан
Кытай тарабынан берилген сооттолгон атайын автоунаалар

Россиянын белеги

Негизги стратегиялык өнөктөш болгон Россиядан 66 автоунаа келди. Алар: "КАВЗ" үлгүсүндөгү 10 автобус, Ford Focus үлгүсүндөгү 30 жеңил унаа, Ford Mondeo үлгүсүндөгү 20 автокөлүк жана сооттолгон 6 Mercedes-Benz. Кыргызстан президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турдуназир Бекбоевдин айтымында, бул техникалар иш башкармалыктын балансында болмокчу.

450 миллион сом

ШКУ мамлекеттеринин лидерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өтчү ШКУнун саммитине кайсы президенттер келет. Тизме
ШКУ саммитин утурлай Турдуназир Бекбоев журналисттерди "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чакырып, жогорку даражадагы коноктор келчү жайдагы даярдык менен тааныштырды. Анын айтымында, резиденция ШКУ саммитине 90 пайызга даяр болуп калды. "Ак кеме" салтанат залы, "Бурана" конок үйү, "Ала-Арча" конгресс-холлу сыяктуу бир катар объектилерде оңдоп-түзөө, кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, ички жолдор оңдолду. Бул иштер үчүн сарпталган 450 миллион сомду ШКУ курамына кирген өлкөлөр жардам катары беришкен.

Бул азыр бизге белгилүү гана маалыматтар. Саммиттин аягында белектер тууралуу дагы жаңы фактылар белгилүү болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0