Өкмөт: Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү ооруларга дарылар эми жетиштүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПередача лекарств приобретенные на деньги, собранные на благотворительном концерте
Передача лекарств приобретенные на деньги, собранные на благотворительном концерте  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сейрек кездешүүчү илдеттердин тизмеси дайындалып, ага 41 оору кирди.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү алгачкы ирет сейрек кездешүүчү оорулардан жабыркаган адамдарга дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" мыйзамдын 10-беренесине ылайык, каттоосуз алып кирүүгө жана медициналык колдонууга уруксат берилген дарылардын тизмесине орфандык ооруларды дарылоочу препараттар киргизилген.

Мындан улам вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандагы орфандык оорулардын тизмесин тактап чыгуу тапшырмасын койгон.

"Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тизме түзүлүп, ага 41 оору кирди. Тизмеге киргизүүнүн негизги критерийи — 100 миң адамга 10 учур кездешиши керек эле. Эми жогоруда аталган мыйзамга ылайык, бул ооруларга керектүү дары-дармек Кыргызстанга каттоосуз эле киргизилип калат", — деп айтылат билдирүүдө.

Орфандык оорулар — калк арасында сейрек кездешүүчү, өнөкөт, адам өмүрүнө кооптуу жана бейтапты майып кылуучу илдеттер. Алар көпчүлүк учурда тукум кууйт жана атайын каражаттар менен дарылоону талап кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0