КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова. Архивдик сүрөтү

Кодуранова судьяны адилетсиз деп айыптап, ага Жогорку сот жооп кайтарды

312
(жаңыланган 11:51 12.06.2019)
КСДП экиге бөлүнүп, бир тарабын партия мүчөсү, "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеп калган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кундус Исаеваны бир катар мыйзам бузууларга жана адилетсиздикке айыптоодо.

Логотип фракции СДПК. Архивное фото
© Фото / пресс-служба фракции СДПК
Эске салсак, КСДП экиге бөлүнүп, бир тарабын партия мүчөсү, "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеп калган. Учурда саясий бирикменин башына депутат Кодуранова келди.

Депутаттын айтымында, судья Исаеванын 7-июндагы чечими "күмөн санатып жатат". Маалыматка караганда, партия 2019-жылдын 28-майында Юстиция министрлигине кайрылып, Юридикалык тараптардын бирдиктүү реестрине КСДПнын жаңы жетекчилеринин атын киргизүүнү өтүнгөн. Анда төрагалыктан кеткен Алмазбек Атамбаевдин ордуна милдетин аткаруучу катары Асел Кодуранованын ысымы жазылышы керек болчу.

"Исаева эмне себептен тараптарды чакырбай туруп, КСДПнын мыйзамдуу жетекчиси кылып Сагынбек Абдрахмановду койгонун түшүндүрүшү керек. Ал жогору жактын тапшырмасын аткарып жаткандай элес калтырууда", — деди Кодуранова.

Депутат Исаеванын аракетине укуктук баа берилиши үчүн Соттор кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссияга кайрылуу мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ал судья менен Юстиция министрлигинин аракеттери "жогору жактан" жөнгө салынып жатышы мүмкүн деп бүтүм чыгарууга себептер бар экенин кошумчалады.

Ал эми Жогорку соттун маалымат кызматы төмөнкүчө маалымдады. 6-июнда Абдрахманов башында турган КСДП Биринчи Май райондук сотуна партиянын 6-апрелдеги ХVIII съездин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын жазган. Дал ошол иш-чарада Кодуранова Атамбаевдин ордуна дайындалган. Соттук отурум 19-июнга белгиленген. 

"Ошол эле учурда Абдрахманов дагы сотко кайрылган. Анын талабы — Юстиция министрлигине КСДПнын жетекчилигинин аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салдыруу болду",  — деп айтышты Жогорку соттон. 

Жогорку соттон түшүндүрүшкөндөй, доо арызды кароо боюнча чечимди судья тараптардын катышуусу жок эле өз алдынча кабыл алат.

Маалымат кызматы сот чечимине макул болбогон тараптар мыйзамга ылайык жогорку инстанцияга кайрыла аларын кошумчалады.

312
Белгилер:
арыз, КСДП фракциясы, Жогорку сот, Асел Кодуранова, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
КСДП Алмазбек Атамбаевдин мындан ары эмне кыларын айтты
КСДП Райым Матраимовдун кайрылуусуна жооп берди
Ош облусунун жашоочулары. Архивдик сүрөт

Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

93
(жаңыланган 23:25 25.09.2020)
Коронавирус боюнча статистиканын төмөндөгөнүнөн бир ай өтпөй өлкөдө кайра илдет илештирген жаңы учурлардын саны өсүп баштады. Азыркы тапта коронавирус көп аныкталып жаткан аймактарда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Акыркы эки күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кетти. Кечээ 127 адамдан COVID аныкталса, бүгүн Республикалык штаб 175 адам вирус жуктуруп алганын кабарлады. Статистикада жазылгандай, ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коронавирус көп катталып жаткан аймактардагы абалды билип, жергиликтүү дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ош облусу

Өткөн суткаларда коронавирус Кыргызстандын түштүк аймактарында көп катталган. Алсак, 25-сентябрга карата Ошто 50 кишиден вирус табылды. 31-август менен салыштыра турган болсок, ал күнү аталган аймакта алты гана кишиден коронавирус табылган.

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов коронавирустун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Директор Ноокатской территориальной больницы Асамидин Марипов
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
"Акыркы жумада кайрылгандардын саны өстү. Биз болжонуп жаткан экинчи толкунга оорукананы даярдап, дары-дармектин корун камдадык. Бирок маселе башкада. Азыр мурдагыдай алгоритм жок. Анда эпидиликтөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгондун баарын таап, обсервацияга жаткырчу. Мындай жол менен илдеттин жайылышын аз да болсо алдын алганбыз. Азыр оорулуу менен байланышта болгондор табылган күндө деле үйдө изоляцияга жөнөтүлүүдө. Бирок аны канчасы аткарып жатканын кайдан билебиз. Айрымдар эрежелерди эске алып да койгон жок", — деди Марипов.

Анын айтымында, райондогу оору жуктургандардын үчтөн эки бөлүгү үйдөн дарыланып жатышат. Калгандары ооруканага жаткырылууда. Марипов мамлекет үй карантинине жиберилгендерди көзөмөлдөө үчүн бийлик натыйжа берген ыкмаларды ойлоп табышы керектигин кошумчалады.

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Жалал-Абад облусу

Өткөн сутканын ичинде Жалал-Абад облусунда 22 кишиден коронавирус аныкталган. Ошол эле мезгилде 10 киши дартты жеңгени айтылды. Белгилей кетсек, март айында өлкө ичинде биринчилерден болуп дал ушул аймактан коронавирус катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган аймактагы координатору Замира Чойбекова бийлик азыр стационарлар менен мобилдик бригадалардын ишин кайра жандантуу боюнча маселени карап жатканын билдирди.

"22 учурдун 10у лабораториялык жактан такталды. Бактыга жараша, алардын ичинен тогузунун абалы орто жана жеңил формада өтүүдө. Бир бейтап болсо ооруканадан дарыланып жатат. Пневмонияга кабылган 12 адам дагы ооруканага жаткырылды. Азыр базар, дүкөндөр иштеп, тойлор башталгандыктан, адамдар вирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатышат", — деди Чойбекова.

Ал коронавирус жуктуруп үйлөрүнө дарыланууга кеткен бейтаптарга дарыгерлер бардык инструкцияны түшүндүрүп жатканын айтып, бирок аларды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

"Оорунун очогу деле боло элек. Ар кайсы айылдан бирден-экиден кишиде вирус табылып жатат. Эгер алардын үй-бүлөсүндөгү бирөө жарымдан вирус чыкса, анда алар изоляция эрежесин сактабай эле жүргөндөн кабар берет", — деди министрликтин аймактагы координатору.

Баткен облусу

Эгер Баткен облусундагы калктын саны менен карай турган болсок, кооптуу кырдаал дал ушул аймакта байкалууда. Анткени бир сутканын ичинде эле Баткенде 41 кишиден коронавирус табылганы маалымдалды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Баткендеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асел Кошбаеванын айтымында, аймакта коронавирус менен ооругандар көп.

"Облус боюнча ар бир короону текшерип жатабыз. Мисалы, Кадамжайда 1 202 киши медициналык кароодон өткөрүлүп, анын 27синин дене табы жогору экени аныкталды. Коронавирустун белгилери байкалганда ооруканага өздөрү кайрылгандар бар, айрымдар үйлөрүнөн эле дарыланып жатат. Оорулуу адамдар менен байланышта болгондордун арасынан да коронавирус табылып жатат. Буга чейин биз бийликке ири базарларды жабуу сунушун киргизгенбиз, бирок ал аткарылган жок",— деди Кошбаева.

Ал эпидемиологдор азыркы кырдаалды эске алып, облусту карантиндик зоналарга бөлүп, чектешкен жерлерине блокпостторду коюуну көздөп жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун бийлиги бет кап тагынуу режимин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бишкекте да санитардык көзөмөл күчөгөнүн мэрия жар салды.

Мындан сырткары, коронавирус жуктурган жаңы учурлар көп каттала баштагандыктан бүгүн Республикалык штаб шашылыш жыйын өткөрдү.

93
Белгилер:
экинчи толкун, статистика, дарт, оору, аймак, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар
Ак-Кула ипподрому. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

36
(жаңыланган 21:01 25.09.2020)
Синоптиктер ишембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 26-сентябрда, күндүз Баткен, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн кээ бир райондорунда, өлкөнүн тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка облустардын дыйканчылык аймактарында жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жер планетасына дагы бир астероид жакындап келе жатат

Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Нарын жергесинде +17...+22 градус болот.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +22...+24 градуска жетет.

36
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы