Кайгуул кызматкери. Архив

ШКУ саммитине байланыштуу жабыла турган көчөлөр. Карта

802
Айдоочулар көрсөтүлгөн жолдорго унааларын токтотпоого тийиш.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкек менен Чүй облусундагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

12-июндан 14-июнга чейин делегация төмөнкү көчөлөр менен бара жатканда кыймылга чектөө киргизилет:

  • "Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Жаш Гвардия проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
  • Манас/Айтматов проспектилери менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин.

ЖКККББ айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо жүрүү маданиятын сактоого чакырат.

802
Белгилер:
жол, ЖКККББ, ШКУ
Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (60)
Тема боюнча
Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео