Курманжан датканын айкели. Архив

Бу тар дүйнөнүн талашы көп!.. Курманжан датканын кеп казынасы

502
(жаңыланган 15:53 12.06.2019)
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет Алай ханышасы Курманжан датканын акыл казынасын, кеменгер ойлорун сунуш кылабыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Этнопедагог Абдыкерим Муратовдун жазгандарына таянсак, Курманжан датка Ош шаарынын кыбыла ыптасында жайгашкан Ороке деген айылда 1811-жылы туулган. Атасы Маматбай итке минген кедей деле болгон эмес экен, мал-жандуу эле киши болуптур. Алай ханышасы 17ге толгондо кудалашкан жерине — Жоош элиндеги Төрөкул бийдин уулу Кулсейитке беришет, бирок Курманжан кыз башы менен качып келип, атасы Маматбайдын колунда дагы үч жыл жашап калат.

1832-жылы 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыккан. Алымбек Асан бий уулу (1799-1862) Жакыпбек аталык салдырган Бухарадагы атактуу медреседе окуп, кийин Стамбулда да билим алган. 32 жашында хандыктын «датка» наамын алып, азыркы Өзбекстандын Анжиян, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары караган Анжиян бектигине бек болуп жиберилген. Курманжан Алымбек датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү катары да кызмат аткарган. Жубайлардын алты уулу болгон. Алай ханышасы 1907-жылы 1-февралда көз жумган. Кабыры Оштун Сармазарында.

Курманжан датканын накыл кептери

Курманжан датка уулу Камчыбек жалган жалаа менен айыпталып жатканда: "Эми буга тике кара, өкүнбө, балам! Жүргөн бирөө болсоң "жан алмай", "жан бермей" болуп чырылдашсаң, чырылдаша бермексиң. Сени бек дейт, сага ушул адилеттин ак жолунан башка жол жарашпайт, балам. Туура кыласың!" - деп айткан.

***

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков. Архивдик сүрөт
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Кийин уулу Камчыбек дарга асылаарда кош бөйрөгүн мыжыга таянып, бүткөн бою калчылдап, коштошкондой үнсүз башын ийкеп турганы менен оозунан такыр башка кеп чыккан.

"Уулум! Кайратыңдан жанба, уулум! Сал сыйыртмакты мойнуңа. Карызыңды төлөрүң жокпу артыңда?! Калдайган калың тууганың турбайбы?! Сал сыйыртмакты мойнуңа. Өлүм алдында майышты дебейби?! Таба кылбайбы душманың?!" — деп уулун чыйралткан.

***

Ар нерсенин өзүнө жараша машакаты, милдети, төлөп берер карызы болот турбайбы?! Кылактап кызыктырып, а бирок суу түбүнөн аякка урунган таштар сыяктуу оркоюп чыга келди го мунун кыйынчылыгы, коркунучу.

***

Эсил эл, кайран журт! Качанга дейре таш уйкудан ойгонбой, ың-жыңсыз катмарында жоголуп, кыйкырыктан башка укпай, зорлуктан башка көрбөй ал зорлукка көнүп, аны кудайдын башка салганы деп, тизе бүгүп, кол куушуруп өтмөкчү?!

Ордонун да, өз бегинин да катаал жүзүнө каршы туруп, элдин көйү деген көңүлгө жылым машакат үчүн нечен ирет баш байлап да көргөн. А зор деген, зорлук деген көп экен, бирин жалынып токтотсо, бири жандап өткөн, бирин тизгинден алса, бири төбөгө чаап кетет.

***

Келишпей турган кеп болмокпу, жылышпай турган ич болмокпу?!

***

Тарта ыйла! Кудай ыйга ый кошот, кайратка кайрат кошот. Тарта ыйлап, а көрө ариетин жакшы кылгыла!..

***

Курманжан датканын неберелерине айткан акылдарынан

Тээ алмустакта эле теңирим ар адамдын үрөйүн, көңүлүн, көрөр күнүн ар башка кылып жараткан экен. Бу тар дүйнөнүн талашы көп, жеткенинен жетпей өксүгөн асырет арманы, наалышы көп, аттиң ай, ошон үчүн.

Мунусу аз келгенсип, адам атпайдын баарына акыл чөйчөгү бир текши бөлүнбөгөнүн айт?! Өз акыл чөйчөгүнө жараша ар бир адамзааданын оозунан сөз чыгат, колунан иш келет. Кемисе кемийт, бирөө да акылды ашырып, көбөйтүп алмакчы болуп да, не ашырып, не көбөйтүп ала албайт — чөйчөгүнөн ашып төгүлөт...

***

Бир түркүн адамзаада бар — көрө албас. Теңирим анын колунан келерин чактоо кылып, а каалоосун, алкын өтө чоң кылып куураткан. Кара жанын карыштап, колунан келбес, алы жетпес ишке жулунат, теңирим буйрубаган соң эптей албай жыгылат. А бирөөнүн колунан иш келсе, айткан сөз эп келсе, кудай куураткан ага алайып көз артат, атаандашат — өтпөйт, анан алдастап жамандык издейт, ошол бирөө анын шыбагасын, энчин бөөдө алып койгон таризде.

Көп жолугар мындайлар, о бууданымдын кош көздөрү, чоочуба — көрө албастын көзүнө өзүнөн-өзү гөр топурак тыгылат, байкамаксан бол — ал ит болуп каба албайт, ат болуп тебе албайт, мар жылан болуп чыга албайт, бай тууган болуп бага албайт...

***

Бир түркүн адамзаада бар — келкелиң менен кошо келет — кабагын жаркылдатып, коюңду союп, казаныңды асып, көңүлүңдү жамдап багыңа, табагыңа кошулат, а кеткетиң байкалып, башыңа булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың — бир убакта те башка "күн тийген" жакта башка бирөөнүн күйүп турган отуна алаканын кактап аны баягы сени мактаган сөз менен мактап, сени ушактап, анын жылуу күнүнө суу канатын жайып курганып, жан багып отурганын көңүл чалат.

Мындайдын келгенине кубанба, кеткенине кайгырба — мындайды ошон үчүн "күн тийген жердин чоросу" дейт, ага теңирим көкжал бөрүнүн артынан ээрчиген жорунун, кузгундун, карганын күнүн берип койгон..

***

Бир түркүн адамзаада бар — бейбапа дүнүйө издейт, калпыс да болсо мейли, жортуулчу сымал жан тынымыш көрбөй күн ката даңк кууйт, өңкөй сукту жолдош кылат, бирок ал топуксуз — сукка кешик арттырбай тымызын чабат, жалгыз алат. Эки жагын каранбайт — жол-жолдошу сууга агып, өзү калат. Бу жолукса аттын башын бура тарт...

Дагы бир түркүн адамзаада бар — топуктуу, колдо барына ыраазы, адамчылыгына шүгүр, уйкусу тынч. Топугу жугат — бу тар дүйнө кең болот... Дагы бир түркүн адам кездешет — өзү келип ыкташпайт, өзү жагынып сырдашпайт, жакшы болсоң, ишиң илгерилесе, ал өзүнчө тен берип ыраазы, сырт жүрөт. Качан бир башына мүшкүл түшкөн чакта түз келип көңүл сурап, көмөгүн аябайт, акылашпайт. Сырттан дейт мындайды, достошсоң да, касташсаң да сырттан менен болмок абзел — кадырыңды билет, бөөдө арам өлтүрбөйт...

***

Ойногонго кетип бара жаткан небересине:

— Оюн эрежеси баарыга тең. Муну билесиңби, Азиз?
— Билем.

— А түзүк! Үстөмдүк көрсөтпө, кычымдык кылба, оюн тартибин башкалардан да сен бекем сактап ойно, а бирөө бузса дароо как. Ушул бала күнүңдөн оюн тартибин сакта.  А кычымдык карөзгөй кылат. Бар, этият бол.

***

Ата-эненин акылы балага акыл боло койбойт, бала теңир буйруган акыл чөйчөгүнө жараша батышынча алат, ар сөздөн өз алдынча маани табат, а акыл чөйчөгү ичтүү болсо бир эмес, жети атасынан калган ой-санааны батырып, наркысын өзү улайт, жалгайт...

***

Бу оомал-төкмөл кыйын дүйнөдө өзүң акыл таппасаң да акыл тапкандын айтканына көнүп, айдаган жагына жүрүш да түзүк, каниет турбайбы?!

***

Кээ айгыр болот — пейили тар, кызганчаак, кичине эле баштаган тай-кунанын батырбай кажып кууп, үйүрүн өндөйтпөйт. Жаман айгыр өз үйүрүнө тап.

Кээ айгыр болот — үйүрүнө карамдуу, терс басканын имерип, үйүрүнүн аксак тайын чыгарбайт, чарк айланып, түн каткан ууруга алдырбайт, бөрүгө жардырбайт.

502
Белгилер:
акыл, кеп казына, Курманжан датка
Тема боюнча
Катын кылса базарды, бала баккан эр жаман! Молдо Багыштын кеп казынасы
Өлгөндөн кийин бекерсиң! Коргоол Досу уулунун кеп казынасы