Насыр Давлесов кыргыз музыкасынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талант тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
"Маскарапоздун окуусу". Насыр Давлесов (Дөөлөсов) 1929-жылы 15-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кара-Булак айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Бала чагынан эле музыкага болгон шыгы билинип, комузда кол ойнотуп, анын коштоосунда ырдап чоңоёт. Таланттуу жаш бала кумири катары айылдашы болгон композитор жана опера ырчысы Абдылас Малдыбаевди туу тутчу. Бирок анын ырчылыкка болгон кызыгуусун ата-энеси анча жактыра берчү эмес. Давлесов 1944-жылы жети жылдык мектепти аяктаган соң чыгармачылыкка аралашууга бел байлайт. Максатын ишке ашыруу үчүн Фрунзеге аттанган кезинде атасы "маскарапоздун окуусун окуп эмне кыласың" деп капаланган экен.Согуштагы музыканттардын ордуна келген. Ал кезде Улуу Ата Мекендик согушка катышуу үчүн майданга аттангандардын арасында чыгармачыл адамдар да бар эле. Мындан улам борбор калаадагы Элдик оркестрге артисттер жетишпей жаткан. Алардын ордун бир катар жаш жигиттер толтуруп, арасында Давлесов менен бирге Калый Молдобасанов, Сейдалы Медетов сыяктуу таланттуу инсандар да бар болчу. Бир жылдан соң устаттарынын кеңеши менен Фрунзедеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырат. Жумуш менен билим алууну кошо алып жүргөн жигит окуусун 1949-жылы артыкчылык менен аяктайт. Студент кезинде эле анын таланты тууралуу сөздөр тарай баштагандыктан, окуусун Москвадан улантууга шарт түзүлөт. Москва мамлекеттик консерваториясында опера-симфониялык дирижёр адистиги боюнча билим ала баштайт. Аны 1956-жылы бүтүргөн соң өлкөгө кайтып, чыгармачылыкка баш-оту менен киришет.
Дүйнө өлкөлөрүн багындырган музыка. Насыр Давлесов 1958-жылы Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп дайындалып, төрт жыл кызмат өтөйт. Андан соң Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында дирижёрлук кылат. Анын таланты өлкө сыртына да таанылып, Бүткүл союздук симфониялык оркестр, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Латвиянын мамлекеттик оркестрлери менен биргелешип иштешет. Концерттик иш-чаралар менен Канада, Дания, Эфиопия, Сирия жана Швейцария сыяктуу дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөрдү кыдырып, чыгармалары жогорку баага татыйт. Эмгектеринин баалуулугу өз убагында эске алынып, 1962-жылы СССРдин Композиторлор союзунун мүчөсү болот.
Агартуучулукка аттануусу. Насыр Давлесов шакирт тарбиялаган мугалим катары да белгилүү. Педагог катары ар дайым жаштарды билимин өркүндөтүүгө үндөп, аларга жардамын аябай, колдоп турган. Алгач 1969-жылы Владимир Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштейт. 1971-жылы азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректорлугуна дайындалып, 15 жылдан ашык талыкпай кызмат кылат. Мугалимдик жааттагы жетишкендиктери үчүн 1978-жылы профессор наамы берилет.
Гимндин обонун жазган. Насыр Давлесов дегенде аты унутулбай турган дагы бир нерсе - Кыргыз Республикасынын гимни. Гимндин сөзүн акындар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазса, обону Насыр Давлесов жана Калый Молдобасановго таандык. Композитор гимндин нотасынын түп нускасы көбөйтүлүп китепче катары чыгарылбагандыгынан улам ар жерде ар кандай ырдалып жүргөндүгүнө кейичү. Ошондой эле мамлекеттик символдорду өзгөртүү тууралуу маселелер көтөрүлгөн сайын жүрөгүнө жакын кабыл алчу. "Президент же спикер алмашкан сайын символдор алмашпоосу керек. Жалпы жонунан эгемендик алгандан кийинки мезгилде маданиятка, искусствого мамлекет башындагылар жарытылуу көңүл бурбай койгонунан улам көп адамдардын руханий дүйнөсү бөксөрүп, нысапсыздык, таш боордук, ачуулуулар көбөйдү",- деп айткан жайы бар.
Узакка созулган оору. Насыр Давлесов өмүрүнүн соңку жылдарында инсультка кабылып, кант диабети менен ооруй баштайт. Узак убакыт дарт менен алышып жатып 2011-жылы 12-июнда жарык дүйнө менен кош айтышат. Композитордун кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымы өз убагында бааланып, бир нече абройлуу сыйлыктарга татыган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, I жана III даражадагы «Манас» ордендери, "Даңк" медалдары алардын бир бөлүгү гана. Ошондой эле Кемин районундагы мектептердин бирине ысымы берилген.
Улуу таланттын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. 12-апрелде күндүз Баткен облусунун айрым райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бийик тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +22...+24, Ошто +23...+25 градуска көтөрүлөт.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Автоматтык эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгына караганда, Ош шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын төртөө алдыда бара жатат.
Азыркы тапта АСУ добуш бергендердин 80 пайыздан ашык добушун эсептеди. Ага ылайык, төмөнкү партиялар алдыда:
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Вице-премьер Улукбек Кармышаков референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өткөнүн брифингде жарыялады.
"Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдумду ийгиликтүү өткөрүп алдык. Алдын ала маалымат боюнча, референдумда 30 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди. Бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок", — деди аткаминер.
Кармышаков мындай көрүнүш мамлекет шайлоо процессин ийгиликтүү өткөрүп алганынан кабар берерин кошумчалаган.