Врачи готовят инструменты во время операции. Архивное фото

Монголия президенти КРге трансплантация жаатында кызматташууну сунуштады

122
(жаңыланган 16:39 12.06.2019)
Монгол ажосу Хяргас Нуур менен Ысык-Көлдүн ортосунда каттам түзүү сунушун берди.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Монголия бир катар тармактарда кызматташса болорун аталган өлкөнүн президенти Халтмаагийн Баттулга кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатканда айтты.

Ал соода айлантууну чыңдаш керектигин, себеби жалпы сумма бир миллион долларга да жетпестигин билдирди.

"Банк системасында кызматташса болот, андан сырткары адамдын органдарын көчүрүү тармагында биргелешип иш алып барууга болот", — деди Баттулга.

Монгол ажосу Хяргас Нуур менен Ысык-Көлдүн ортосунда каттам түзүү сунушун берди.

122
Белгилер:
трансплантация, Сооронбай Жээнбеков, Халтмаагийн Баттулга, Монголия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан жана Монголия президенттеринин жолугушуусунда 9 документке кол коюлду
Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео