Жолго камера орнотуп жаткан кызматкерлер. Архив

Эреже бузса болобу? ШКУ саммити учурунда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт

443
(жаңыланган 20:28 12.06.2019)
ШКУ саммити учурунда Бишкек менен Чүй облусунун бир катар көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда, 12-июндан 15-июнга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусундагы "Коопсуз шаардын" камералары өчүрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Бул күндөрү "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт. Бирок ар бир кесилиште инспекторлор турат", — дешти министрликтен.

Буга чейин ЖКККББнын маалымат кызматы 12-июндан 14-июнга чейин бир катар көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилерин кабарлаган. Тизмеси менен таанышып алыңыздар.

443
Белгилер:
Коопсуз шаар, саммит, ШКУ, Бишкек
Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (60)
Тема боюнча
ШКУ саммитине байланыштуу жабыла турган көчөлөр. Карта