Ысык-Көл жайкы эс алууга мыкты үч жердин катарына кирди. КМШ рейтинги

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг россиялык туристтердин кайсы бир өлкөгө барышы жана курорттордун инфракструктурасынын өсүшү менен аныкталганы белгиленген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиялык туристтер үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү жайкы эс алуу курортторунун мыктылары тизмектелди. Рейтингди ТурСтат аналитикалык агенттиги жүргүзгөн.

Маалыматта визасы жок баруу, орус тилин билүү жана аймактагы элдин меймандостугу, арзаныраак эс алуу, даамдуу тамак жана мөмө-жемиштер КМШ мамлекеттеринин курортторунун артыкчылыгы экендиги айтылат.

Катардын Хамад аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң мыкты авиакомпания менен аэропорттордун рейтинги аныкталды
Мыкты эс алуу жайларынын алдыңкы бештигине Казакстандагы Бурабай курорту, Кыргызстандагы Ысык-Көл, Белоруссиядагы Нарочь көлү, Бакудагы Каспий деңизинин боюндагы Абшерон курорттору жана Армениядагы Севан көлү кирген.

ТурСтаттын маалыматы боюнча, КМШ курортторуна россиялыктар бир же эки жумага келет. Алардын туристтик бюджети суткасына 50дөн 110 долларга чейин.

Эс алуу үчүн эң арзан жер Ысык-Көл, ал эми эң кымбаты Баку курорттору экендиги айтылат.

Рейтинг россиялык туристтердин кайсы бир өлкөгө барышы жана курорттордун инфракструктурасынын өсүшү менен аныкталганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0