Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады

© AFP / NOAH SEELAMАнализге кан алып жаткан мед айым. Архив
Анализге кан алып жаткан мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Рациондогу B12 витамининин көптүгү, жашылча-жемишти аз колдонуу, негизи эле туура эмес тамактануу кант диабетин пайда кылат. Бул тууралуу Medicalxpress АКШ окумуштууларына таянып жазды.

Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн.

"Жашылча-жемишти, сүт жана эт азыктарын аз жеген адам кант диабетине чалдыгышы мүмкүн. Ошол эле учурда B12 витамини көп болуп кетсе дагы ооруга чалдыгуу коркунучу бар. B12 — уй жана кой этинде, сом менен треска балыгында болот. Аны B2 жана B6 витаминдерин (буламык, жаңгак, анар, апельсин) колдонуу менен бир нормада кармаса жакшы", — дешти окумуштуулар.

Адам жалаң гана жашылча-жемиштерди же эт азыктарын жей бере турган болсо дагы кант диабетине чалдыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экени айтылды.

"Адам жашылча-жемиштерди да, сүт азыктарын да, этти да жеп турса, диабетке чалдыгуу коркунучу төмөндөйт", — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар алгач жашылча жеп, андан соң эт, гарнирге өтүү туура экенин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0