Мите сөздөрдөн арылууну көздөгөн журналисттердин кереге кеңеши өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисты на пресс-конференции
Журналисты на пресс-конференции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында талаш жараткан айрым сөздөрдү тилчилер менен талкуулап, бир чечимге келүү максаты көздөлгөн.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Борбор калаада журналисттер менен тилчи, лингвисттердин катышуусунда туура жана сабаттуу жазуу, талаштуу сөздөрдүн жазылышын талкуулаган иш-чара өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашты.

Кереге кеңеш суроо-жооп иретинде "Журналист – сабат үлгүсү" деген аталышта 18-июнда болот.

"Иш-чара жалпы журналисттердин сабатын арттыруу, ардагер журналисттер менен тажрыйба алмашуу, талаш жараткан айрым сөздөрдү тилчилер менен талкуулап, бир чечимге келүү максатын көздөйт. Ошондой эле учурдагы журналистиканын тилиндеги мите сөздөрдөн арылуу туурасында да кеп болот", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган комиссия "Сабаттуу бол" акциясын өткөрүп, ага мамлекеттик кызматкерлер да катышкан. Алардын арасында "1" жана "2" алгандар да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0