Кылмыштын бир да түрү мынчалык тез өнүккөн эмес. Лукашенкону түйшөлткөн маселе

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын президенти Александр Лукашенко
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын башчысы ШКУга кирген өлкөлөргө кибер кылмыштуулук менен күрөшүүгө жардамдашууну сунуштады.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде сүйлөп жатып кибер кылмыштуулуктун саны тез өсүп жатканы боюнча кеп козгоду.

Лукашенко ШКУга мүчө өлкөлөрүн маалыматтык коопсуздуктукту камсыздоого жардамдашууга чакырды.

"Кылмыштын бир да түрү мынчалык өркүндөп кеткен эмес. Мына мен Белоруссияны мисал келтирейин. Көйгөй бул жерде отурган өлкө башчыларга да тийиштүү деп ойлом. Эгер 2017-жылы Белоруссияда үч миң кибер кылмыштуулук катталса, ал эми 2018-жылы анын саны беш миңге чыгып кетти", — деп белгиледи Лукашенко.

Саммит документтерге кол коюу жана ЖМКга билдирүү жасоо менен аяктайт. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0