Жээнбеков: Ошко ракты нур терапиясы менен дарылоочу аппарат келиши мүмкүн

Жазылуу
Былтыр Индия мамлекети тарабынан рак илдетин дарылоочу аппарат белекке берилген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Онкологиялык ооруларды нур терапиясы менен дарылаган "Бабатрон-2" аппаратын Ош шаарына алып келүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу учурунда айтты.

Эске салсак, былтыр Индия мамлекети тарабынан аталган аппарат белекке берилип, ал Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна коюлган.

"Учурда экинчи аппаратты алуу маселеси каралып жатат. Бул биз үчүн өтө маанилүү", — деди президент.

Бирок ал аппаратты Индия берер-бербестигин так айткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0