Ажылык сапар качан башталат? Муфтият болжолдуу күнүн айтты

© REUTERS / AHMED JADALLAHНамаз окуп жаткан зыяратчылар. Архив
Намаз окуп жаткан зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчыларга коопсуздук эрежелери, Мекке, Медина шаарларындагы мейманканаларда санитардык нормаларды, Сауд Аравиянын мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. 2019-жылкы ажылык сапар болжол менен 16-июлда башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады.

Билдирмеге ылайык, учурда зыяратчылар эмдөөдөн өтүүдө.

"Эмдөө 20-июнда бүтсө, ажыга барчулардын документтерин алып, визага даярдоо иштери башталат. Мындан сырткары, ажылык сапар тууралуу муфтият кызматкерлери тарабынан сабактар өтүлө баштады. Аларга коопсуздук эрежелери, Мекке, Медина шаарларындагы мейманканаларда санитардык нормаларды, Сауд Аравиянын мыйзамдарын сактоо түшүндүрүлүүдө", — деди Атабаев.

Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылар үчүн 2019-жылга карата Сауд Аравиянын ажылык боюнча министрлиги 5485 орун бөлдү. Бул 2018-жылга караганда 85 орунга көп.

Муфтият буга чейин 2019-жылы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3000 долларды түзгөнүн кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0