"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ата-энеси башка адамдар экенин кокусунан билип калган кыздын каты жарыяланды.
Бакма экенимди уккандан бери ичим уйгу-туйгу, тамакка табитим тартпай, эмне болуп күн өткөнүн билбей жатам. Нес абалда жүргөнүмө бир жумага чукулдады. Бакма экенимди, өз апам атамдын карындашы экенин мага туугандарымдын бири айтты. Көрсө, ал мени өзү билет деп ойлочу экен.
Азыр 20 жаштамын. Бишкек шаарындагы колледждердин биринде окуйм. Ата-энем көзүмдүн агы менен тең айланып, эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Эки бир тууганбыз, эжем турмушка чыккан.
Көрсө, тууганымдын айтып бергени боюнча апам улуу эжемди төрөгөндөн кийин катуу ооруптур. Ошондон кийин такыр боюна бүтпөй коюптур. Атам менен апам көпкө дарыланып, балалуу боло албай жүргөнүн байкаган чоң энем бала багып алууну сунуштайт. Болгондо да кызынын кызын. Ал — мен. Эжемди жолдошу (атам) таштап кетип калат. Мага чейин бир уул, эки кызы бар экен. Кызынын бул абалын көргөн чоң энем мени төрөп, байке-жеңесине берүүнү сунуштайт. Бул сунушту эки тарап тең колдоптур. Ошентип, мен төрөлөөрүм менен баккан ата-энемдин колуна өтүптүрмүн.
Бакма баламын деген нерсе оюма да келбептир. Анткени апам мага болгон мээримин төгүп чоңойтту, баладан башкача карачу. Тарбиясын, тазалыгын айтыңыз. Анын да бир жери ооруп калса, үзүлүп түшө калчумун. Атам менен да мамилем өзгөчө. Дайыма жакшы сөзүн айтып, башкача бакты. Кичинемде улуу эжемдин жанынан чыкчу эмесмин. Турмушка чыкканда аябай ыйлагам.
Эми эмне кылам? Ата-энеме бул тууралуу айтсамбы же бир күнү өздөрү айтат болду бекен? Апам жаман болот го. Өзү эле оорукчан, аяйм. Бирок билмексен болуп да жүрө албай жатам. Бир туруп баккан ата-энемди ойлосом, бир туруп баарына кайыл болуп баласын башкага аргасыз берген эжемди аяп кетем…
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Эгер бала бакма болсо, ата-энеси ага багып алганын Европа мамлекеттериндегидей мектепке бара электе эле айтканы оң. Канчалык эртерээк айтса, бала аны ошончо жеңил кабыл алат. Анткени анын бакма экени эртеби-кечпи баары бир белгилүү болот.
Кайрылган кызга кеңешим. Жазганыңызга караганда акыл-эстүү чоңойгон окшойсуз. Кызуу кандуулукка алдырбай, баккан ата-энеңизге дароо айтып салбай психологго кат жазганыңыздын өзү туура. Абалыңызды түшүнүп турам, мындайды кабыл алуу, албетте, оор. Бирок өзүңүздү кармаңыз, ата-энеңизге айтып аларды да, өзүңүздү да бушайман кылбай бир аз сабыр кыла туруңуз. Балким, алар деле убагы келгенде айтабыз деп даярданып жүрүшкөндүр. Бир тууган эжеңиз менен сырдаш болсоңуз, балким, биринчи аны менен сүйлөшүп көрөрсүз.
Баккан ата-энеңиз "чындыкты айтсак боор тартпай калабы" деп да кооптонушкандыр. Баары ачыкка чыгып, чын эле багып алганын айткан күндө да сиз баккан ата-энеңизден алыстап кетпеңиз. Бул алар үчүн өтө катуу сокку, өмүр бою жүрөгүнө тикен болуп сайылган талуу жер.
Эжеңизге мурда мамилеңиз кандай болсо ошол боюнча калтырууга аракет кылыңыз. Апаңыз экенин билгенден кийин эжеңизге болгон сезим, мамиле өзгөрүшү мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да эки тарапты тең ойлоңуз. Кийин турмушка чыгып, бышып-жетилип, балалуу болгондон кийин бул нерсеге башкача ой жүгүртүп каласыз.
Эгер үч тарап тең кыйналып, абалдан чыга албай жатса психолог менен бетме-бет сүйлөшүп, баарлашууну сунуш кылам.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Нарын облусунда бел омурткасында пайда болгон грыжаны алган алгачкы операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн травматологу Талант Калдыбаев билдирди.
Анын айтымында, 14-апрель күнү 41 жаштагы бейтаптын төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы (L IV-L V) грыжасы алынган. Бейтап бул илдеттен жети жылдан бери жапа чегип келген.
"Бүгүн бейтапка операция жасалганына 5 күн болду, бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Эми бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышат", — деди дарыгер.
Бул операцияны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев жана травматология бөлүмүнүн травматолог дарыгери Талант Калдыбаев жасаган.