Шаурма. Архивдик сүрөт

Фастфуддун мээге тийгизген зыяны айтылды

Окумуштуулар 2030-жылы элдин 30 пайызы ашыкча салмак менен жапа чегиши мүмкүн деп кооптонушууда.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Фастфуд мээнин тез картайышына себеп экендигин "Известия" агенттиги Австралия улуттук университетинин окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Маалыматта, көп убакыт ден соолукка зыян тамактарды жеп, аз кыймылдоо кант диабетинин экинчи баскычына чейин алып келери айтылат.

Ошондой эле мээнин айнышын (деменция — ред.), башкача айтканда, өз функциясын аткарбай калышын шартташы ыктымал.

Мындан улам окумуштуулар 2030-жылы элдин 30 пайызы ашыкча салмак менен жапа чегет деп кооптонушууда.

Буга чейин фастфуддун балдар үчүн болуп көрбөгөндөй зыяны айтылган.

Белгилер:
зыян, мээ, фастфуд, окумуштуулар
Тема боюнча
Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады
Фастфуддун балдар үчүн болуп көрбөгөндөй зыяны айтылды
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта
Талаа. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

19-апрелге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү, 19-апрелде, күндүз республиканын дээрлик бардык аймактарында күн ачык болот. Бир гана Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +12...+17 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +21...+23, ал эми Ошто +23...+25 градусту көрсөтөт.

Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы