Дарбыз. Архивдик сүрөт

Жаңы чыккан дарбыздарды жей берсе болобу? Адистердин жообу

795
(жаңыланган 19:27 15.06.2019)
Калаа тургундарынын айрымдары жаңы чыга баштаган дарбыздарды жегенден кооптонуп жатканын айтышууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул суроого тийиштүү адистерден жооп алды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Манас Майканов жаңы чыгып жаткан дарбыздар текшерилип жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыр дарбыздар көбүнчө Өзбекстан, Тажикстандан келүүдө.

"Жергиликтүүлөр сатыкка көп чыга элек. Ар бир базарда дарбыздардын нитратын текшере турган жайлар бар, алар келген жемиштерди күн сайын текшерип жатат. Сатыктагы дарбыздардын нитраттарынын нормадан жогору эместери, нормадан жогорулары дагы бар. Алар эрте жазда эгилгендери. Нитраты өтө жогорулар сатыкка коюлбайт. Ошентсе дагы дарбыз алам деген кардарларга абайлап жегиле деп айтмакчымын. Анткени баары бир алар эрте бышкан жемиштер. Мындан сырткары, сатуучулардан биздин кызматтан уруксат алган сертификатын сурап, коопсуздук үчүн деле ошол жерде нитрат текшерген биздин кызматтарга жемишти бир текшертип алгыла", — деп кеңеш берди Майканов.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жайма базар, көчө жана арабага коюп саткан мөмө-жемиштерди абайлап алууну баса белгиледи. Анткени алар уруксат кагазы жок эле сатылып жатат.

Керектөөчүлөр коон-дарбыздан ууланбашы үчүн башка дагы эрежелерди билип алганы оң. Алар:

— дарбызды күн тийбеген көлөкө жана текчеде коюлган жерден сатып алуу зарыл;

— сатып алгандан кийин сөзсүз түрдө тазалап жууш керек;

— дарбыз кокус артып калса сөзсүз түрдө бетин жаап, муздаткычка сактаган оң;

— эки-үч күн кесилип туруп калган дарбызды жебеш керек;

— колду таза жууп жеген жакшы.

795
Белгилер:
жемиш, дарбыз
Тема боюнча
Жер-жемиштин курсактагы түйүлдүккө кандай пайдасы бар? Иликтөө
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

342
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

342
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

65
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

65
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет