Сак болгула! WhatsApp тиркемеси аркылуу алдамчылыктын жаңы түрү жайылууда

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoWhatsapp тиркемесинин логотиби. Архив
Whatsapp тиркемесинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөнөтүлгөн шилтемеге кирген колдонуучунун жеке маалыматтары уурдалары айтылды.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. ESET антивирустук компаниясы WhatsApp тиркемеси аркылуу жайылып жаткан алдамчылыктын жаңы түрүн аныктаганын "Известия" жазды.

Маалыматка караганда, тиркеменин колдонуучуларына компаниянын 10 жылдык юбилейине карата делип бекер мобилдик трафик сунуштаган шилтеме жөнөтүлөт. Ага кирип суроолорго жооп берүү менен 30 таанышка жөнөтүү сунушталат.

ESET антивирустук компаниясынан билдиришкендей, мындай талаптарды аткарган адамдардын жеке маалыматтары уурдалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0