Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны

© Фото / предоставлено Исой ОмуракуновымИса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова асырап алган балдары менен
Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова асырап алган балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова ата-энесиз, үй-жайсыз калган балдарды бир үйгө чогултуп, ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп мээримин төгүп, тарбиясын берип келишет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы көп балалуу бүлөнүн кожоюну, 20дан ашык баланын атасы Иса Өмүракунов менен маек курду.

Баса, кароосуз калган бөбөктөргө жардам берүү үчүн кайрымдуулук фондун түзгөн үй-бүлө Сокулук районунун Маловодное айылында турушат.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваИса Өмүракунов:Биздин "Эне-бала мээрими" фондунун ачылганына билинбей 10 жылга чукулдап калыптыр. Учурда 25ке чукул бала тарбияланат. Кышында жардам сурап келгендер көп болгондуктан, 40тай чүрпө бактык окшойт.
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүракунов:Биздин "Эне-бала мээрими" фондунун ачылганына билинбей 10 жылга чукулдап калыптыр. Учурда 25ке чукул бала тарбияланат. Кышында жардам сурап келгендер көп болгондуктан, 40тай чүрпө бактык окшойт.

— Сиздердин фонд балдар үйүнөн эмнеси менен айырмаланат жана иштеп баштаганына канча убакыт болду?

— Убакыт — учкан куш тура. Биздин "Эне-бала мээрими" фондунун ачылганына билинбей 10 жылга чукулдап калыптыр. Учурда 25ке чукул бала тарбияланат. Кышында жардам сурап келгендер көп болгондуктан, 40тай чүрпө бактык окшойт. Социалдык үй-бүлөбүз балдар үйүнөн атмосферасы менен айырмаланат. Бизде баары кадимки үйдөгүдөй. Жубайым экөөбүздү баккан балдарыбыз "ата, апа" дешет. Бала атасына кандай эркелесе, 25 балам мага да мойнума асылып ошондой эркелешет, каалаганын сурап, оюн эркин айта алат.

Баланын энеси жок мусаапыр болуп отурганын же бирөөнүн колунда калып кордук көргөнүн элестетүү кыйын эмеспи. 10 жылдын ичинде канчалаган тагдыры талкаланган кыз-келиндерди, кор болгон наристелерди көрдүк. Ошол себептен фонд алдына — эне менен баланы бири-биринен ажыратпоо деген максат койгон.

© Фото / предоставлено Исой ОмуракуновымИса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова ата-энесиз, үй-жайсыз калган балдарды бир үйгө чогултуп, ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп мээримин төгүп, тарбиясын берип келишет.
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова ата-энесиз, үй-жайсыз калган балдарды бир үйгө чогултуп, ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп мээримин төгүп, тарбиясын берип келишет.

— Ошондо азыр сиз багып жаткан балдардын энелери барбы?

— Ооба, көбүнүн энелери бар. Бирок айрымдары турмуш-шартынан кыйналганда таштап кетип жатышпайбы. Биз ошондой болбосун деп энелерге бир аз да болсо жардам кылып, иштеп, баласын бакканга каражат таап алсын деп бул фондду ачканбыз.

Бала жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 784 бөбөк жаңы ата-энелүү болду. Балдар тууралуу статистика
25 баланын ичинен төртөө мыйзамдуу негизде биздин камкордугубузда. Бул төрт баланын аталары ар башка, энеси бир, орус улутундагы аял экен. Бирок азыр апасы кайда экени белгисиз. Буга чейин таенеси карачу дешет. Кийин таекеси түрмөдөн чыгып келип, экинчи уулун сабап жатканда кошуналары милицияга чалып, балдарды мамлекет алып койгон. Төртөө мамлекеттен бизге өтүп, балдарыбыз болуп калды. Ушул төрт бир туугандын бири - Ниара деген кыз багып алганда эле "ата, мага кыргызча ат коюңузчу" деп калды. Жубайым экөөбүз ойлонуп, экинчи кызыбыз Нурсулууга уйкаштырып Таңсулуу деп койдук. Азыр Таңсулуу мектепте окуйт, кыргызча суудай сүйлөп, комуз черткенди үйрөндү. Өзгөчө боорукер кыз. Бир күнү ооруп төшөккө жатып калсам, "ата, сиз өлбөйсүзбү, эгер өлүп калсаңыз, бизди ким багат?" деди. Аябай жаман болуп кеттим. Байкуштар, ата-эне жоготкон немелердин жүрөгү ооруп калган да. Күлүп эле "жок балам, өлбөйм. Мен өлсөм силерди чын эле ким карайт?" десем, аябай сүйүнгөн эле...

Ата-энеси менен чогуу өскөн балдар көп нерсеге маани бербейт. Ал эми жаштайынан турмуштун ачуу-таттуусун көрүп калган бала башкача өсөт экен. Аларга колубуздан келишинче мээрим төгүп, тарбия бергенге аракет кылып жатабыз.

© Фото / предоставлено Исой ОмуракуновымКароосуз калган бөбөктөргө жардам берүү үчүн кайрымдуулук фондун түзгөн үй-бүлө Сокулук районунун Маловодное айылында турушат.
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны - Sputnik Кыргызстан
Кароосуз калган бөбөктөргө жардам берүү үчүн кайрымдуулук фондун түзгөн үй-бүлө Сокулук районунун Маловодное айылында турушат.

— Негизи ар бир нерсенин өзүнүн тарыхы болот эмеспи. Сиздердин деле мындай көп балалуу үй-бүлөңүздөрдүн түптөлүп калуусуна бир нерсе себеп болсо керек?

— Көп адам "аялың же сен жетим чоңойдуңар беле?" деп сурай берет. Экөөбүз тең толук кандуу үй-бүлөдө өскөнбүз. Бул иш ойдо жок жерден, бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу башталып калган.

Алып баруучу Зуля Тургунбекова - Sputnik Кыргызстан
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги
Таанышымдын кызы туура эмес адамга турмушка чыгып, эки күндүн биринде токмок жеп төркүнүнө келе берчү экен. Бир күнү атасы чалып, "кыз-күйөө жакшы болбой калды, күйөө балам үйгө чейин келип кызымды сабачу болду. Кызым балдарды калтырып Москвага барып иштесем дейт. Бирок аларды кимге калтырарын билбей жатат, бизде болсо шарт жок, бала баккан тааныштарың бар эмеспи, жардам берчи" деп калды. Макул болуп, баягы теңтушумдун кызын балдары менен алып Ысык-Көлдөгү таанышымдын балдар үйүнө алып жөнөдүк. Ага чейин 2 жаштагы кызы энесин этектеп, жүрөгү сезгенсип "апалап" аткан. Аны көрүп жүрөгүмдүн ооруганын айтпаңыз. Ичимен "атаганат, эне менен бала бири-биринен ажырабаса" деп ойлоп койгом. Көлгө барсак ал жактагы балдар үйү жети жаштан төмөнкү курактагы балдарды албайт экен. Тиги келиндин чүрпөлөрү 2, 4, 6 жашта болчу. Кайра жолго чыктык. Келатып тиги келинден "эптеп жашаганга үй-жай таап берсек балдарыңды таштап Москвага кетпейсиңби?" деп сурадым. Дароо макул болду. Сокулукка келип өзүбүз жашаган үйдүн жанынан батир таап берип, балдарыбыздын ырыскысынан бөлүшүп жашай баштадык. Андан кийин дагы бир таанышыбыз ата-энесине айтпай көз жарып, барчу жери жок келинди алып келип калды. Ошентип бири-биринен угуп жардам сураган жалгыз бой, балалуу келиндер келе баштады. Бир күнү тааныш юрист "эртеси күнү мамлекет эмненин негизинде буларды чогултуп багып жатасыңар деп сураса, жооп бере албайсыңар. Мыйзамдуу түрдө фондду каттатып койбойсуңарбы" деп сунуш кылды. Ошону менен эне менен бала бири-биринен ажырабасын деген максатта "Эне-бала мээрими" деген фонд түзүлүп калды. Жардам сурап келгендер көбөйө баштаганда демөөрчүлөрдөн чогултуп жатып чоңураак үй салдык.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБала атасына кандай эркелесе, 25 балам мага да мойнума асылып ошондой эркелешет, каалаганын сурап, оюн эркин айта алат.
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны - Sputnik Кыргызстан
Бала атасына кандай эркелесе, 25 балам мага да мойнума асылып ошондой эркелешет, каалаганын сурап, оюн эркин айта алат.

— Жардам сурап келген аялдардын баарынын эле балдарын ала бербейсиңер да. Фонддун шарт-талабы тууралуу азын-оолак кеп кылып кетсеңиз.

— Азыркы тапта бизде 25тей бала бар. Алардын көбүнүн апалары сыртта мигрант болуп иштеп жүрүшөт. "Иштейт элем, бирок балдарымды караганга ылайыктуу тууган же таанышым жок болуп жатат" деп айласы куруган энелердин балдарын алабыз. Эгер алар иштебей, жөн эле жүрө берсе баласын кайра берип салабыз. Негизи абалына, шартына карайбыз.

Үйдө азыр жаңы төрөп, ымыркайлары менен жашап жаткан кыз-келиндер да бар. Алардын арасында кокустан боюнда болуп калып, ата-энеси же жигити кабыл албай койгон студенттер, баласы менен жашай турган жайы жок келиндер бар.

Булардын баарын атайын психологдор менен баарлаштырып, балдарга жасаган мамилесин карап, текшерип анан алабыз. Мындан сырткары, ар бирин "издөөдө жокпу" деп ИИМден каратабыз. Ымыркайы менен жашап жаткандар жөн эле жата беришпейт. Үйдөгү балдардын баарына эртең менен, түшкү, кечки тамактарын жасап, кийимдерин жууп-тазалап, үтүктөп, сабактарын даярдоого жардам беришет.

— 25 баланы тарбиялоо оңой болбосо керек?

— Албетте оңой эмес, ошентсе да алардын тилин тапса болот. Башкысы баланын ишеничине кирип алсаң болду. Мектеп курагындагылар Сокулуктун Маловодное айылындагы мектепке барышат. Биздин үйдө ар биринин туулган күнүн өзгөчө өткөрүү салт болуп калган. Ал майрамга баарылап даярданабыз. Тортту сатып албай үйдөн жасап, туулган күн ээси өзү каалагандай кооздойт. Мындан сырткары, өзүмдүн улуу балам спортчу болгондуктан, чоңураак балдарды машыктырат. Кыздар кол өнөрчүлүктү үйрөнүшөт. Жайында баарыбыз Ат-Башынын жайлоосуна барып эс алып келели деп жатабыз.

© Фото / предоставлено Исой ОмуракуновымӨмүракунов: азыркы тапта бизде 25тей бала бар. Алардын көбүнүн апалары сыртта мигрант болуп иштеп жүрүшөт. "Иштейт элем, бирок балдарымды караганга ылайыктуу тууган же таанышым жок болуп жатат" деп айласы куруган энелердин балдарын алабыз
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны - Sputnik Кыргызстан
Өмүракунов: азыркы тапта бизде 25тей бала бар. Алардын көбүнүн апалары сыртта мигрант болуп иштеп жүрүшөт. "Иштейт элем, бирок балдарымды караганга ылайыктуу тууган же таанышым жок болуп жатат" деп айласы куруган энелердин балдарын алабыз

— Азыркы заманда бир баланы багуу оңой эмес. Бул балдардын баарын кантип кийинтип-ичинтесиз? Каражатты кайдан табасыз?

— Ар бир баланын ырыскысы болот экен. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес. Кыргызстанда кайрымдуу адамдар өтө көп. Кээ бир адамдар бул фондду "акча жасаш үчүн ачты" деп айтып чыгышты. Бирок ар ким өз деңгээлине жараша ой жүгүртөт тура. Балдардын сыртта иштеп жүргөн энелери кийим-кечесин алып берип турат, айрым аткаминер, колунда бар ишкерлер керектүү эмерек же башка нерсесин алып берип жатышат. Мындан тышкары, бир нерсеге тыгынчык болсун деп тигүү цехин ачканбыз. Ал жакта балдарын үйдөн караган кыз-келиндер иштеп, түшкөн каражат тамак-аш, керектүү нерселерге жумшалат.

— Жогоруда кокустан кош бойлуу болуп ата-энеси же жигити кабыл албай койгон кыздар келет деп калдыңыз. Аларды кийин издеп келгендер болобу?

Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео
— Ооба, болот. Баланын атасы келинчегинен же сүйлөшкөн кызынан кечирим сурап, ал тургай колун сурап келгендер болгон. Аларды кадимкидей каада менен колдон узатабыз. Ал кыздарыбыз азыркыга чейин төркүнүнө келгенсип ал-абалыбызды сурап турушат. Кээ биринин баласы чоңоюп, торолуп калганда ата-энесине чогуу барып түшүндүрүп таштап келебиз.

— Кабыл алышабы?

— Көбү кабыл алат.

— Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетесизби? Канча балаңыз бар?

— Беш балам бар. Улуулары мектепти аяктап жогорку окуу жайларда билим алышат. Эң кенжеси 2 жашта. Чоң кыздарым келип балдарды жуунтушуп, сабактарына жардам берип турушат. Алар да биздин чоң үй-бүлөнү, бир туугандарын аябай жакшы көрүшөт. Эки жаштагы наристебиз керээли-кечке ушул жакта.

Өзүм болсо мурда соцкызматкер болчумун. Жубайым акушер эле, кийин психология адистигине ээ болду. Эң негизгиси, 25 баланын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0